Бейшемби, Декабрь 01, 2022
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Көрүнүктүү окумуштуулар А.Жапаров менен К.Дыйкановдун 100 жылдыгы белгиленди

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Матфактын студенти «Жаңы маалымат технологиялары жана мамлекеттик тил» аттуу сынакта жеңди

00Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия, Билим берүү жана илим министрлиги, «Улут Софт» жоопкерчилиги чектелген коом, Эл аралык инновациялык технологиялар университети тарабынан уюштурулган студенттер жана жаштар арасындагы «Жаңы маалымат технологиялары жана мамлекеттик тил» аттуу сынакка математика жана информатика факультетинин 4-курс студенти Ашырбай уулу Азирет “Word Finder – Сөздү тап” долбоору менен катышып, жыйынтыгында 1-орунга ээ болду жана тиешелүү деңгээлдеги диплом жана акыркы үлгүдөгү ноутбук менен сыйланды.

Сынактын 1-баскычына 50 долбоор келип түшүп,  анын ичинен 25 долбоор тандалып алынып, 2-баскычы 2022-жылдын 15-ноябрында өткөрүлдү. Ага Кыргызстандын бардык аймактарынан келлген мектеп окуучулары, орто кесиптик жана жогорку окуу жайларынын студенттери мамлекеттик тилде жасалган мобилдик жана веб-тиркемелери, веб-сайттары ж.б. менен катышты.

Бул сынакты өткөрүүнүн негизги максаты - мамлекеттик тилди маалымат технологияларында кеңири жайылтуу, санариптештирүү жана IT адистиги боюнча билим алып жаткан студенттердин мамлекеттик тилде программаларды түзүүгө болгон кызыгууларын арттыруу, мамлекеттик тилди колдонуучулардын аудиториясын кеңейтүү, мамлекеттик тилди маалымат технологиялары ( социалдык түйүндөр, веб сайттар) аркылуу интернет мейкиндигине кеңири жайылтуу, кыргыз тилин пропагандалоо, даңазалоо, жарандарды, өзгөчө жаш жеткинчектерди мамлекеттик тилде баарлашууга чакыруу болуп саналат.

Ашырбай уулу Азиреттин мындай ийгиликтерге жетишишине “Word Finder – Сөздү тап” долбоорунун жетекчиси, ага окутуучу Фархат Назарбаевдин эмгеги зор.

Белгилеп кетчүү нерсе, бул сынакта улуттук каада-салткка жана кыргыз тилин үйрөнүүгө басым коюлуп жасалган эмгектерге артыкчылык берилип, жогоруда аталган долбоордун жетекчиси Фархат Токтогазиевич мамлекеттик тилди өркүндөтүүгө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык кат жана баалуу китептерге ээ болду. 

02

04

06

08

10

12

Бактияр Рахманкулов - тарбия иштери боюнча декандын орун басары, ф.-м.и.к., доцент

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 1320 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

Студенттердин ?-лору

  • Бакыт 14.07.2022 16:01
    Здравствуйте! Был отчислен за неуплату контракта по причине службы в армии. Чтобы не портить отношения ...

    Толугу менен...

     
  • Темирлан 30.06.2022 14:18
    САЛАМАТСЫЗМБЫ УЙБУЛОЛУК СЕБЕПКЕ БАЙЛАНУУШТУ МЕН ОЗУМ РОССИЯДА ОКУУЙМ ТУРИЗМ НАПРАВЛЕНИЯСЫ БОЮНАЧА ...

    Толугу менен...

     
  • Темирлан 30.06.2022 14:14
    Здраствуйте я данный момент учусь Сибирском Федеральным Университете РФ по направлению Туризм окончил ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Нурсултан 18.05.2022 11:43
    Мен КУУнин бутургом, диплому жоголуп кетти кайра жаныдан дубликатын алыш учун эмне кылуу керек?

    Толугу менен...

     
  • Каримов Нурбакыт 12.11.2021 09:12
    Мен колеждеби кутком средный образования дагы дипломум бар . Азыркы кезде университетке восстановления ...

    Толугу менен...

     
  • Umut Almazbekova 28.07.2021 10:30
    Саламатсызбы, мен 2012-2017 жж. Чет тилдер факультетинин бутуруучусумун, мед. Книжкамды кантип алсам ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Айзирек 13.09.2021 15:15
    Здравствуйте, я сегодня была в вашем университете чтобы поговорить с куратором моей сестрёнки насчёт ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары