Шейшемби, Декабрь 07, 2021

Матфактын студенттери белгилүү режиссёр Алим Токторов менен жолугушту

00

2021-жылдын 25-ноябрында математика жана информатика факультетинде XX кылымдагы кыргыздардын улуттук лидери Исхак Раззаковдун 110 жылдык маарекесине карата иш-чара өткөрүлүп, активист студенттер белгилүү режиссёр жана продюсер, "Баткен" медиа борборунун мурдагы жетекчиси, 90-жылдары жаштар арасында популярдуу болгон "Биз" эстрада тобунун негиздөөчүлөрүнүн бири Алим Токторов менен жолугушту.

Режиссердун айтымында, толук метраждуу "Раззаков" тарыхый-көркөм тасмасын жаратууда 2 жыл сценарий түзүүгө жана 5 жыл тартууга кеткен, Сталиндин ролун аткарууга жарашыктуу актёр табуу кыйындыкка туруп, акырында Кыргызстандагы грузин диаспорасынын өкүлү Гоча Васильевич Бекаури макулдугун берген. Фильмдин максаты - Исхак Раззаковдун кыргыз элине ак кызмат кылгандыгын жаштарга жеткирүү болчу.

Исхак Раззаков Кыргыз ССР Министрлер Советинин жетинчи төрагасы, Кыргызстан Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин тогузунчу биринчи катчысы болгондугун, таза коом түзүү, мектеп окуучуларын ысык тамак менен камсыздоо, кыргыз мектептерин ачуу боюнча Раззаковдун ошол кездеги аракеттери азыр ишке ашып жатканын ф-м.и.д., профессор, "Математикалык анализ" кафедрасыны башчысы Бараталиев Керим Бараталиевич өз сөзүндө кошумчалап кетти.

Бул жашоодо Исхак Раззаковдой инсан болуш үчүн сөзсүз түрдө жетекчилик кызматта болуштун зарылдыгы жок экендиги, ар бирибиз жөнөкөй, билимдүү, жумушубузду так аткарып, Кыргызстандын өнүгүшүндө өз салымыбызды кошууга миллеттүү экенибиз тууралуу берген насааттары үчүн студенттер Алим Токторовго ыраазычылыктарын билдиришти.

Факультеттин 3-курс студенти, студенттик активдин мүчөсү Таалайбекова Айжаркын улуу инсан, кыргыздын өткүр уулу, улуу интернационалист, элинин тагдыры үчүн күрөшкөн чанда кездешүүчү мамлекеттик ишмер, калк кадырлаган, эл жүртуна өлбөс эмгек жараткан саясий лидер, кара кылды как жарган калыс, чыгаан кайталангыс, чынчыл, адилеттүү  инсан, Кыргыз Республикасынын баатыры Исхак Раззаков менен республикабыздын бардык жаштары дайыма сыймыктанып келерин баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда, жыйындын катышуучулары "Раззаков" фильми Алим Токторов агайыбыздын өз демилгеси, элдин колдоосу менен тартылгандыгын, азыркы учурда Т.Океев атындагы Кыргызфильм киностудиясынын колдоосу менен Советтер Союзунун баатыры Самат Садыковдун Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиги тууралуу даректүү тасманын үстүндө иштеп жаткандыгы тууралуу билишти.

Белгилеп кетчүү нерсе - профессор Керим Бараталиевич аталган фильмде айыл чарба адисинин образын жараткан. Роль эпизоддук болсо да, факультет жаматы агайдын "экинчи өнөрү" менен аябай сыймыктанат.

02

04

06

08

Бактияр Рахманкулов – тарбия иштери боюча декандын орун басары, ф.м.и.к., доцент.

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 943 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Каримов Нурбакыт 12.11.2021 09:16
    Мен колежди бутургом. Азыр универге. Тапшырсам болобу? Програмитмин

    Толугу менен...

     
  • Нурадил 11.11.2021 07:32
    Саламатсызбы. мен 2017 жылы лингвистика факультетин жаңы жылга чейин жарым курс окуп шартка байланыштуу ...

    Толугу менен...

     
  • Нурадил 25.10.2021 08:44
    Саламатсызбы. мен 2017 жылы лингвистика факультетин жаңы жылга чейин жарым курс окуп шартка байланыштуу ...

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Бекжан 10.11.2021 13:47
    Здраствуйте! Я щяс учусь на первом курсе в очной , хотчу перейти на заочной . Как мне поступить

    Толугу менен...

     
  • Алмагүл 18.10.2021 20:08
    Саламатсызбы, педагогикалык переквалификаци ядан өтүү керек, кимге кайрылуу керек? Жардам ...

    Толугу менен...

     
  • Тохир 12.10.2021 17:48
    Здравствуйте,по могите пожалуйста уточнить один вопрос. Я, Тургунов Тохир Турсунович, родившийся в ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Каримов Нурбакыт 12.11.2021 09:12
    Мен колеждеби кутком средный образования дагы дипломум бар . Азыркы кезде университетке восстановления ...

    Толугу менен...

     
  • Umut Almazbekova 28.07.2021 10:30
    Саламатсызбы, мен 2012-2017 жж. Чет тилдер факультетинин бутуруучусумун, мед. Книжкамды кантип алсам ...

    Толугу менен...

     
  • Бегай 11.07.2021 11:33
    Саламатсызбы?ме н лингвистика тапшырайын дегем английский тандаган эмесмин кошумча сабактан (Орт) ото ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Айзирек 13.09.2021 15:15
    Здравствуйте, я сегодня была в вашем университете чтобы поговорить с куратором моей сестрёнки насчёт ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары