Жума, Май 07, 2021

Академик Какеев Аскар Чукутаевич дүйнө салды

00

2021-жылдын 25-апрель күнү 86 жаш курагында Кыргыз Республикасынын   илимине   эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси, УИАнын академиги, философия илимдеринин доктору, профессор, Улуттук университеттин 2000-2005-жылдардагы ректору Какеев Аскар Чукутаевич дүйнө салды. КУУнун ректораты менен жалпы жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус жоготууну тең бөлүшөт. Илимпоз агай, жаткан жериңиз жайлуу болуп, топурагыңыз торко болсун. Сиздин ысымыңыз кыргыз илиминде унутулбайт!

Академик Какеев Аскар Чукутаевичти акыркы сапарга узатуу зыйнаты 27.04.2021 - 11:00дө КУУнун башкы имаратынын алдындагы аянтчада болот.

02 01

Аскар Чукутаевич Какеев 1935-жылы Чүй районунун Кегети айылында төрөлгөн.

1958-жылы Кыргыз улуттук университетинин биология факультетин бүтүргөн.

Философия илимдеринин доктору (1991), профессор (1992).

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (1993). Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер (1995), Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2002). 3-даражадагы Манас орденинин ээси.

Каеев А.Ч. 1963-1968-жылдары Кыргыз ССР Илимдер академиясынын аспирантура бөлүмүнүн алдындагы философия кафедрасында окутуучу, улук окутуучу, 1965-1984-жылдары Кыргыз айыл-чарба институтунда кафедра башчысы, 1984-1988-жылдары Кыргызстан КП БКда илим жана окуу жайлар бөлүмүнүн башчысынын орун басары,1989-92-жылдары Кыргыз ССР Илимдер академиясынын философия жана укук таануу институтунун директору болуп эмгектенген.

1992-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын жетекчиси - мамлекеттик катчы кызматын аркалаган.

1993-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана маданият министри, 1998-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп эмгектенген. Илимпоз агай 2000-2005-жылдары Кыргыз улуттук университетиин ректору, 2005-жылдан КРСУда профессор, кафедра башчысы болуп иштеген. 100дөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 4 монография, 5 окуу китебинин автору.

kakeev 01

kakeev 02

kakeev 03

press knu 2021

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 489 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Абдылас 06.05.2021 11:52
    Саламатсызбы мен Тургуналиев Абдылас Кыргыз Улуттук университетке 2019 жылы экономикалык факультетке ...

    Толугу менен...

     
  • Эркинай 02.05.2021 02:20
    Саламатсызбы мен быйыл 1 курусту аяктайм БМПК дан КНУ которулайн дегем экономический факультетине ...

    Толугу менен...

     
  • Gulmira 18.04.2021 08:43
    Саламатсыздарбы ? Мен 2016 жылы КГҮСТА унив колдонмо информатика факултетин аяктагам. Мен ...

    Толугу менен...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Эркинай 02.05.2021 02:26
    Мен быйыл 1 курусту аяктайм БМПК дан КНУга которулайн дегем. Башталгыч классты окуутудан экономический ...

    Толугу менен...

     
  • Айгуль 21.04.2021 11:12
    Саламатсыздарбы мен сиздердин окуу жайыныздарга башка ВУЗдан которулайын деген болчум кандай кылып ...

    Толугу менен...

     
  • Diana 19.04.2021 13:16
    Саламатсызбы мен, КУУ -нун экономикалык колледжинин выпускницасымын , ушул колледждин диплому менен мен ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Akbata Smagulova 06.01.2021 16:59
    Salamatsyzby. Urmattu Bekibaev Samat Esenzanovicz. Maga Dipomdu zashitany zazganga chon jardam sizge ...

    Толугу менен...

     
  • Усон Эргешов 21.12.2020 17:10
    Саламатсызбы Урматтуу! Ж. Баласагын атындагы Куунун директоруна кайрылуум бар болчу Менин иним Оштогу ...

    Толугу менен...

     
  • G.K 12.11.2020 21:42
    Добрый день. Я училась в 1994-1998гг. в КГНУ на факультете ин.языков. Мне нужна справка о том, что ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары