Шейшемби, Ноябрь 24, 2020

Улуттук университетке Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева келди

2020-жылдын 17-ноябрында Улуттук университетке Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева келди. Өкмөт башчынын орун басарын ректор Канат Садыков тосуп алып, мейманга фойедеги LED-экранды, сервердик бөлмөнү, компьютердик классты жана экинчи кабаттагы санарип технологиялар борборун көрсөткөн соң, өкмөт өкүлдөрү менен КУУнун жетекчилери чоң жыйындар залына киришти.

Ректор залда отурган студенттер менен окутуучуларга вице-премьер-министрди тааныштырып жатып, Эльвира Сурабалдиева эл аралык мамилелер факультетинин бүтүрүүчүсү экенин сыймыктануу менен билдирди.

Вице-премьер-министр өз сөзүн 5-октябрда кайтыш болгон 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулун эскерүү менен баштап, студенттерди 17-ноябрь - Студенттердин эл аралык күнү менен куттуктады. Андан ары ал өлкөдөгү активдүү жарандар деп эсептелген жаштар менен диалог куруу максатында суроо-жоопторго өтүүнү сунуштады.

Студенттер пандемия учурунда мамлекеттик экзаменди тапшыруу, аралыктан окутуу, мектеп жана жогорку окуу жайларынын мугалимдеринин аброюн көтөрүү, тилдерди үйрөнүүнүн мааниси, профориентация иштеринин зарылдыгы, экономиканы өнүктүрүүнүн жолдору, медициналык тейлөөнү жакшыртуу жана башка маселелер боюнча көптөгөн суроолорду беришип, сунуштарын да айтышты.

Эльвира Сурабалдиева көптөн бери мындай курч, жөнөкөй көрүнгөнү менен татаал суроолор бериле электигин белгилеп, КУУнун жетекчилигине ушундай жолугушууну уюштуруп бергендиги үчүн терең ыраазычылыгын билдирди жана берилген суроолордун баарына ачык-айкын, так жана аргументтүү жоопторду берди.

Жолугушуунун соңунда ректор Канат Садыков "өзгөчө оор жана жооптуу тармакты" башкарып жаткан өкмөт башчынын орун басары Эльвира Сурабалдиевага терең ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.

02

03

04

05

06

07

08

12

16

22

23

24

25

26

27

29

34

36

38

40

42

44

47

48

49

50

52

54

56

60

63

80

84

94

press knu 2020

Тема боюнча кошумча материал: