Ишемби, Февраль 27, 2021

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

Туулган күнүңүз менен, урматтуу Канат Жалилович!

Улуттук университет аккредитациядан ийгиликтүү өттү

00

2020-жылдын 28-октябрында башкы имараттагы К.Ш.Токтомаматов атындагы санариптик технологиялар борборунда КУУнун жогорку кесиптик билим берүү программаларын көз карандысыз программалык жана жалпы окуу жайдын ишмердүүлүгүн институционалдык аккредитациядан өткөрүүнүн жыйынтыгына арналган жыйын болуп, эксперттик комиссиянын төрагасы, Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин директору Бактыбек Исмаилов КУУнун жетекчилерин, факультет декандарын жана кафедра башчыларын аталган текшерүүнүн алдын ала жыйынтыктары менен тааныштырды.

Ал Улуттук университеттеги аккредитациядан өтүп жаткан ар бир билим берүү программасынын күчтүү жактарын белгилөө менен, айрым кемчиликтери да бар экенин билдирип, аларды жоюу боюнча эксперттик комиссиянын сунуштамаларын айтып өттү.

Төраганын айтымында, Улуттук университеттин аккредитациядан өткөрүүгө сунушталган билим берүү программалары эксперттик комиссиянын талаптарына негизинен жооп берет, бирок акыркы чечим Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин алдындагы аккредитациялык кеңештин отурумунда кабыл алынат.

КУУнун ректору Канат Садыков эксперттик комиссиянын мүчөлөрүнө өзгөчө шарттарда Улуттук университеттин 57 билим берүү программасын көз карандысыз аккредитациядан жана окуу жайдын жалпы ишмердүүлүгүн институционалдык аккредитациядан өткөрүү боюнча аткарган иштери үчүн терең ыраазычылык билдирип, айтылган сунуштарды аткарууга даяр экендигин билдирди. 

Аталган жыйындан мурдараак, эксперттик комиссиянын мүчөлөрү КУУнун жетекчилери менен онлайн режимде интервью өткөрүшүп,  контракттык негизде окууну аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн мектептерге барышы, КУУнун миссиясы, окутуучуларды мотивациялоо системасы, туризм жана  рекреационалдык география кафедрасындагы маселелер, AVN маалымат системасы, айлык акы фонду, бюджеттик каржылоо, башкаруу системасы, жеке компаниялар менен болгон алакалар, окутуучулардын илимий эмгектеринин жарыяланышы тууралуу суроолорду беришти. Ар бир маселе боюнча ректор Канат Садыков, проректорлор жана факультет декандары өз ойлорун айтып, кенен-кесир жоопторду беришти.

02

04

06

10

12

14

16

20

22

24

26

28

30

54

press knu 2020

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 702 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Рыскелдиева Айдай 10.02.2021 23:01
    Саламатсыздарбы ! Мен азыркы учурда Адам университетинин 1 курсунда экономика факультетинде окуйм . 1 ...

    Толугу менен...

     
  • Калыкова 30.01.2021 19:56
    Саламатсыздарбы? Почему стипендиатам не выплачиваются стипедии. Из бюджета же начисляются же средства.

    Толугу менен...

     
  • Сатылганов Максат 27.01.2021 22:47
    Здравствуйте,на 2-пересдаче сколько будет вопросов и сколько баллов дадут за правильные ответы ?

    Толугу менен...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Зарина 21.02.2021 09:03
    Саламатсызбы!ме н 3-чу курстан кийин окуубай калгам.Русская филология факультети 2005ж. Кайра улантсам ...

    Толугу менен...

     
  • Нур 24.12.2020 19:15
    Саламатсызбы Мен эконом факта (банковское дело) 2курста окуйм. 3курста финансы и кредит болумуно ...

    Толугу менен...

     
  • Илгиз 23.12.2020 19:20
    Саламатсызбы КНУ да через Казахстан тапшырса болобу? Сырттан окуу бөлүмү.

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Akbata Smagulova 06.01.2021 16:59
    Salamatsyzby. Urmattu Bekibaev Samat Esenzanovicz. Maga Dipomdu zashitany zazganga chon jardam sizge ...

    Толугу менен...

     
  • Усон Эргешов 21.12.2020 17:10
    Саламатсызбы Урматтуу! Ж. Баласагын атындагы Куунун директоруна кайрылуум бар болчу Менин иним Оштогу ...

    Толугу менен...

     
  • G.K 12.11.2020 21:42
    Добрый день. Я училась в 1994-1998гг. в КГНУ на факультете ин.языков. Мне нужна справка о том, что ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары