Шейшемби, Октябрь 20, 2020

Камкорчулук кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

2020-жылдын 15-октябрь күнү ректораттын жыйындар залында Улуттук университеттин Камкорчулук кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы Асылбек Токтогулов алып барган жыйында ректор Канат Садыков пандемия шартында КУУда жасалып жаткан иштер, окуу жайды 2020-2022-жылдары өнүктүрүүнүн стратегиялык планы, илимий китепканадагы, экономика факультетиндеги жана ”Атмосферанын мониторинги” илимий-изилдөө борборундагы өзгөрүүлөр жана медициналык факультетти ачуу боюнча баяндама жасады.

Окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров КУУнун окуу имараттарында компыотердик борборлорду түзүү, маалымат технологиялары жана электрондук окутуу бөлүмүн түзүү жана кыргыз филологиясы факультетинде “Түркология жана котормо таануу” бөлүмүн ачуу жөнүндө маалымат берди.

Табигый жана гуманитардык илимдер факультеттери үчүн түзүмдөр аралык чет тилдер кафедраларын бириктирүү тууралуу мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) айтып берди.

Камкорчулук кеңешинин мүчөлөрү аталган маселелер боюнча КУУнун жетекчилерине көптөгөн суроолорду берип, талкуу болгон соң, күн тартибиндеги маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Жыйынга аталган кеңештин мүчөлөрү Аманбек Жайнаков, Асылбек Токтогулов, Жайнак Усен уулу, Жоомарт Оторбаев, Автандил Арабаев жана Абдылдажан Акматалиев катышты.

02

03

04

10

12

14

18

22

24

26

28

30

34

press knu 2020