Шейшемби, Октябрь 20, 2020

КУУга ТИКАнын жаңы дайындалган программалык координатору келди

КУУда Мамлекеттик тил күнүнө карата салтанаттуу иш чара болуп өттү

00

2020-жылдын 23-сентябрь күнү башкы имараттагы конференц-залда "Мамлекеттик тил күнү" майрамына карата салтанаттуу жыйын болуп өттү. Иш чараны Улуттук университеттин мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Садык Алахан (Тиллебаев) ачып, алгач ректор Канат Садыковдун куттуктоосун айтып, андан ары төмөнкүлөргө токтолду:

“Урматтуу кесиптештер, баарыңыздарды бүгүнкү "Мамлекеттик тил күнү" майрамыңыздар менен дагы бир жолу чын жүрөктөн куттуктаймын. Куттуу уябыз Улуттук университетте Мамлекеттик тил саясаты ырааттуу түрдө ишке ашырылып келе жатат.

1. Окуу жайыбыздын факультеттеринде бардык деңгээлдеги документтер негизинен мамлекеттик тилде жазылууда;

2. Профессордук-окутуучулар курамынын окуу-усулдук материалдарынын басымдуу көпчүлүгү мамлекеттик тилде жазылып жатат;

3. Университеттин башка негизги түзүмдөрүндө (окуу бөлүмү, кадрлар бөлүмү, бухгалтерия ж.б.) иш кагаздарын негизинен мамлекеттик тилде жүргүзүүгө жетиштик;

4. Өкмөт тарабынан каржыланып, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жарыяланган табыйгий илимдер боюнча окуу китептерин жазуу боюнча конкурска университетибиздин окумуштуу-педагогдору активдүү катышып, мыкты окуу китептерин жазууга жетишти.

Жогоруда айтылгандардын баарысы жана жасалып жаткан башка иш чаралар университетибизде мамлекеттик тил саясаты тиешелүү деңгээлде ишке ашып жаткандыгын далилдеп турат. Албетте, айрым бир кемчиликтер да жок эмес, бирок аларды сиздердин жардамыңыздар менен сөзсүз жоёбуз деп ишенебиз”.

Салтанаттуу жыйындын соңунда Президентке караштуу Улуттук тил комиссиясынын медалдары жана Ардак грамоталары менен 31-май - Улуттук университеттин күнүнө карата сыйланышып, бирок, өлкөдөгү абалдан улам кийинкиге жылдырылган жана бүгүнкү майрамга карата сыйлангандарга сыйлыктарын тапшыруу аземи болду.

Баарыңыздарды кылымдарды карыткан кыргыз тилинин салтанаттуу күнү менен дагы бир жолу куттуктайбыз.

Улуттук тил комиссиясынын “Кыргыз тили" төш белгиси:

50

1. Туркманов Каныбек - социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин доценти

2. Кадыркулов Мажит Кадыркулович - география. экология жана туризм факультетинин доценти

3. Токтоналиева Кайрылса Таштанбековна - факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын ага окутуучусу

4. Мааткеримов Нурсапар Оролбекович - педагогика факультетинин профессору

5. Саякбаева Айганыш Апышевна - экономика факультетинин финансы кафедрасынын башчысы.

Улуттук тил комиссиясынын “Ардак грамотасы”:

52

1. Элакунова Жылдыз Ирсалиевна - экономика факультетинин ага окутуучусу

2. Баймырзаев Бакытбек Акылбекович - кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын доценти

3. Ашымкулова Акылай Кеңешбековна - эл аралык байланыштар департаментинин башкы адиси

4. Карагулов Шайлоо Карагулович - маалымат технологиялары жана компьютерлерди техникалык жактан тейлөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары

5. Абдылдаева Тамарасоциалдык-гуманитардык илимдер факультетинин доценти

6. Толебаева Фарида - академиялык саясат башкармалыгынын башкы адиси

7. Кулболдиева Кипариса - педагогика факультетинин филология жана социалдык-экономикалык билим берүү кафедрасынын ага окутуучусу

8. Алымбаева Зарылкан Арстанбековна - журналистика факультетинин теле-радиожурналистика кафедрасынын башчысы.

02

04

06

08

10

12

14

16

18

22

24

26

28

30

32

34

36

38

press knu 2020

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 820 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Азиз 16.08.2020 23:39
    Здравствуйте! Можно ли поступить к вам на магистратуру? Можно ли это сделать онлайн и как? Я закончил ...

    Подробнее...

     
  • Роза 15.08.2020 11:02
    Саламатсыздарбы менин балам сиздердин окуу жайга тапшырды информатика и инновация технологии деди ...

    Подробнее...

     
  • Abdylda 29.07.2020 00:56
    Юфакультеттерди н ичинде максатту оорун дегенди тушундуруп береспи

    Подробнее...

Студенттердин ?-лору

  • Акылбек 19.08.2020 19:18
    Саламатсызбы? 2020-2021 окуу жылы кандай турдо болот?

    Подробнее...

     
  • Базарбек 22.06.2020 23:50
    Мен 2-курста мобильный студент программа боюнча Ошмуга 1 семестр окуп келдим. Бирок кнудагы отпой ...

    Подробнее...

     
  • жоомарт 22.06.2020 13:28
    мен 5 сабактан отпой калдым башка универге которулсам болову

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Алтынбек 24.08.2020 15:50
    Здравствуйте. Как можно восстановиться? Если все корпусы закрыты?

    Подробнее...

     
  • Жанара 20.08.2020 18:13
    Можно ли забрать диплом другому человеку?

    Подробнее...

     
  • Алмазбек 21.06.2020 14:12
    Саламатсызбы, архвтик справка кантип алсак болот ушул жерде окуп бүткөн деген. Пенсияны документ ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары