Дүйшөмбү, Сентябрь 21, 2020

Матфактын жетекчилиги Улуттук университеттин жамаатын Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктайт!

00Урматтуу Улуттук университеттин окутуучу-профессорлору, кызматкерлери жана студенттери! Сиздерди математика жана информатика факультетинин жалпы жамааты Улуу Жеңиш майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайт! Жеңиш күнү - совет элинин эң ыйык, эң улуу майрамы, жакшылыктын - жамандыкты, жарыкчылыктын - карангылыкты жениши! Миллиондогон адамдардын көз жашы, өмүрү, каны менен келген Улуу Жениш! Бул күн - Улуу Ата Мекендик согуштагы фашисттик Германиянын үстүнөн жеңишке жеткен күн.

Жыл сайын Бишкек шаарында өтүп келе жаткан Жеңиш күнүнө карата уюштурулган "Өлбөс Полк" жөө жүрүш акциясына биздин университеттин жамааты активдүү катышып келишин баса белгилеп кетүүгө болот. Азыркы кырдаалга байланыштуу быйылкы онлайн форматында өтүүчү акцияга да биздин кызматкерлердин кызуу катышышына ишенебиз.

Урматтуу согуштун ардагерлери!

Сиздер кан майданында өлүмгө тик туруп, Жеңиш менен кайттыныздар. Бизге жашоодогу эң баалуу белекти-бейпилдикти тартууладыңыздар! Сиздер бизди эмгекчилдикке жана сабырдуулукка, бийик максаттарга, калыс жана жөнөкөй болууга чакырып, өз жашоонор менен бизди Мекенди ардактап, ага кызмат кылууга үндөп келесиздер. Жеңиш майрамында бардыгыңыздарга улуу эрдигиниздер жана кайратман эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

Урматтуу кыргыз элим!

Улуу Жениш көп улуттуу элибиздин биримдигинин жана ынтымагынын аркасында камсыз болгонун эстен чыгарбай, ардактуу ардагерлерибизди камкордукка алып, алардын татыктуу жашоосу үчүн баардык шарттарды түзөлү. Ушундай тынчтык күндөрүндө жашап жатканыбыз үчүн дагы бир жолу ардактуу согуш ардагерлерине башыбызды ийип таазим этебиз! Кыргызстан эли учурда кайра жаралуу доорун баштан өткөрүп, келечекке зор ишеним артып турат. Биз көп сыноолордон өтүп, адилеттүү, эркин мамлекет куруунун кенен жолуна түштүк. Элибиздин жакшы турмушка, адилеттүү мамлекет курууга умтулуусун эч бир күч майтара албайт. Элибиз улуу муундун өлбөс- өчпөс эрдигин эстен чыгарбай, алардын жолун татыктуу улантып, темирдей тартип жана биримдүүлүк менен  азыркы кырдаалдагы жугуштуу илдетти жеңип келүүдө.

Сиздерге жана жакындарыныздарга чын ден- соолук, бакыт- таалай, бакубатчылык каалайбыз!

Согушта эли- жери үчүн күрөшкөндөрдүн эрдиги эч качан унутулбайт!

02

Бактияр Рахманкулов - тарбия иштери боюнча декандын орун басары, ф.-м.и.к., доцент

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 389 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Азиз 16.08.2020 23:39
    Здравствуйте! Можно ли поступить к вам на магистратуру? Можно ли это сделать онлайн и как? Я закончил ...

    Подробнее...

     
  • Роза 15.08.2020 11:02
    Саламатсыздарбы менин балам сиздердин окуу жайга тапшырды информатика и инновация технологии деди ...

    Подробнее...

     
  • Abdylda 29.07.2020 00:56
    Юфакультеттерди н ичинде максатту оорун дегенди тушундуруп береспи

    Подробнее...

Студенттердин ?-лору

  • Акылбек 19.08.2020 19:18
    Саламатсызбы? 2020-2021 окуу жылы кандай турдо болот?

    Подробнее...

     
  • Базарбек 22.06.2020 23:50
    Мен 2-курста мобильный студент программа боюнча Ошмуга 1 семестр окуп келдим. Бирок кнудагы отпой ...

    Подробнее...

     
  • жоомарт 22.06.2020 13:28
    мен 5 сабактан отпой калдым башка универге которулсам болову

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Алтынбек 24.08.2020 15:50
    Здравствуйте. Как можно восстановиться? Если все корпусы закрыты?

    Подробнее...

     
  • Жанара 20.08.2020 18:13
    Можно ли забрать диплом другому человеку?

    Подробнее...

     
  • Алмазбек 21.06.2020 14:12
    Саламатсызбы, архвтик справка кантип алсак болот ушул жерде окуп бүткөн деген. Пенсияны документ ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер