Шейшемби, Июль 14, 2020

КУУда Аялдардын эл аралык күнү белгиленди

02020-жылдын 6-март күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Аялдардын эл аралык күнүнүн урматына коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департамент  тарабынан уюштурулган концерт болуп өттү. Майрамдык иш чара Келдибек Ниязов, Күмөндөр Абылов, Борончу Кудайбердиев, Жамбыл Камчиев, Камчы Сарыбаев, Абидин Темиров сыяктуу белгилүү инсандардын видео-куттуктоосу менен ачылып, ага улай ректор Канат Садыков Улуттук университеттин айымдарын 8-март - Аялдардын эл аралык майрамы менен кызуу куттуктады.

Ректор өз сөзүндө айымдардын коомдогу ролу жогору экендигин, илим-билим, медицина, педагогика тармагына  өз салымын кошкон иштерман айымдардан үлгү алуу керектигин  белгилеп, кызгалдактай буралган Улуттук университеттин кыздарына бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, иштерине ийгилик каалады.

Ааламдын көркү болгон аялзатын майрамы менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев да куттуктап, мамлекттик тилдин өнүгүшүнө салымын кошуп келе жаткан эжейлерди аталган комиссиянын "Кыргыз тили" төш белгиси жана Ардак грамоталары менен сыйлады.

Салтанаттуу иш чара белгилүү эстрада ырчыларынын жана аттын кашкасындай таанымал акындардын коштоосунда өттү. Акын Бердибек Жамгырчиев, Акбар Кубанычбеков жана Максат Жангазиевдер учкан уясы Улуттук университетке жана сүйүүктүү окутуучу эжейлерине жагымдуу ырларын окуп беришти. Таланттуу студенттер тартуулаган чоң программадагы концерт шатыраган кол чабуулар менен коштолду.

Коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаменти КУУнун айымдарын 8-март - Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктап, жан дүйнөнү жаз гүлүндөй жашарткан айымдарга бекем ден соолук, иштерине ийгилик, үй-бүлөлөрүнө ырыскы-береке, бакубатчылык каалайт.

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

24

26

28

30

32

34

36

38

40

42

44

46

48

50

52

54

56

58

60

press knu 2020

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 1416 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 25.06.2020 02:55
    Андай факультет жок, бирок юридика факультетинде "Таможенное дело" деген адистик бар. Өтүү баллы ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 22.06.2020 14:51
    Эгер дипломуңуз бар болсо, анда экинчи жогорку билим алууга тапшырсаныз болот. 1) Магистратурага ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 16.06.2020 08:47
    1) НЕгизги тест жетиштүү, бирок математикадан кошумча тест болсо - ашыкча болбойт. Абитуриент катары ...

    Подробнее...

Студенттердин ?-лору

  • Базарбек 22.06.2020 23:50
    Мен 2-курста мобильный студент программа боюнча Ошмуга 1 семестр окуп келдим. Бирок кнудагы отпой ...

    Подробнее...

     
  • жоомарт 22.06.2020 13:28
    мен 5 сабактан отпой калдым башка универге которулсам болову

    Подробнее...

     
  • Адина 21.06.2020 13:56
    Саламатсызбы? Менин иним эконофактын 1чи курсун бутуп жатат. Биринчи семестрде баалары жакшы ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Алмазбек 21.06.2020 14:12
    Саламатсызбы, архвтик справка кантип алсак болот ушул жерде окуп бүткөн деген. Пенсияны документ ...

    Подробнее...

     
  • Алима 19.06.2020 12:17
    Здравствуйте!Ес ли не защитила диплом в этом году, можно пересдать осенью? И что для этого надо ?

    Подробнее...

     
  • Дмитрий 15.06.2020 02:48
    Добрый день! Подскажите пожалуйста, как можно восстановить диплом выпускника?Дипл ом сгорел при пожаре.

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары