Шейшемби, Ноябрь 24, 2020

КУУга вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева келди

КУУга вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева келди

Матфакта Ооган согушунун ардагерлери менен жолугушуу болду

00

2020-жылдын 28-февралында математика жана информатика факультетинде "Ооганстан - айыкпаган жара" аттуу кече өткөрүлүп, иш чарага Ооган согушунун ардагерлери Кадыр Уметов, Алайбек Шамшиев, Адылбек Маматов жана Тыныстан Дунганаевдер чакырылды. Жыйынды факультет деканы Изат Усенов ачып, бул жолугушуу студенттердин патриоттук сезимин дагы бир жолу ойготоорун жана тынчтыкты сактоо - жашап жаткан коомдогу эң негизги баалуулук экенин айтты.

Бишкек шаардык Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрөгасы Кадыр Уметов Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин аткарган функциялары, Ооган жеринде болгон окуялар, о.э. ардагерлердин 1999-жылдагы Баткен окуясында, 2005,  2010-жылдардагы революция учурунда жана Ош, Жалал-Абад окуяларында биринчилерден болуп элибиздин тынчтыгы үчүн тикеден-тик тургандыгы жөнүндө айтты.

Ооган согушунун ардагери Адылбек Маматовдун айтымында мындай жолугушууларды жаштардын жогорку деңгээлде уюштурганы - жакшы көрүнүш экенин баса белгиледи.

Факультет деканы Изат Усенов жаштарды Мекенди сүйүүгө тарбиялагандыгы үчүн "Совет аскерлеринин Афганистандан чыгарылышына 30 жыл" юбилейлик медалы менен, ал эми активист студенттер Бектурганова Мээрим, Молдалиева  Мээримгүл, Рысбек кызы Арууке, Уметалиева Нурдана окууда эң жакшы жетишкендиктери үчүн, Адылов Төрөгелди, Адылбеков Рустам, Нурудин уулу Мухамедаалы, Досумбаев Бекболсун, Абышев Ислам, Эсенгул уулу Ажаткан, Темирбек уулу Элеман, Жумагулова Аидалар коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн Афган согушунун Республикалык ардагерлер кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланышты. Сыйлыктарды Ооган согушунун ардагерлери Кадыр Уметов жана Адылбек Маматовдор тапшырышты.

Иш чаранын жүрүшүндө факультеттин студенттери  Советтер Союзунун баатыры Юрий Исламов атындагы студенттер үчүн стипендия жана "Мээримдүү эне" медалы тууралуу кабардар болушту.

Студенттик кеңештин төрөгасы, 3-курс студенти Адылбеков Рустам факультеттин студенттери дайыма Мекенди коргоого даяр экендиги тууралуу билдирүү жасады.

Жолугушуунун экинчи бөлүгүндө интернационалист-жоокерлерди эскерүү максатында спорттук мелдеш өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Эскерте кетсек, факультеттин студенти Турдукулова Альбина университеттик деңгээлде өткөн конкурста Роза Аманованын "Ооган ыйы" ырын аткаргандыгы жана театралдык көргөзмөсү үчүн жеңишке ээ болсо, "Афганистан менин жан-дүйнөмдү оорутат" аттуу факультеттер аралык плакаттар сынагында математика жана информатика факультети биринчи орунду ээлеген.

08

10

02

04

05

Азамат Шамов - факультеттин студенттик кеңештин маалымат координатору

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 540 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Komiljon 10.10.2020 14:02
    Assalomu alaykum men sizlarga onlayin xujjat topshirgandim shuni qanday bilsa bo'ladi

    Подробнее...

     
  • Нуриза 09.10.2020 15:52
    Здравствуйте! Хотела спросить, в данный момент принимаете абитуриентов? Я закончила среднее образование ...

    Подробнее...

     
  • Айчүрөк 30.09.2020 22:24
    Не закончила учебу в кну по обстоятельствам .могу ли я восстановится?к ому обращаться?по какому ...

    Подробнее...

Студенттердин ?-лору

  • Сезим 29.10.2020 20:08
    Саламатсызбы журналистика факультетиндн Авн кеч ачылып сабактар болунуп болунуп ачылып жатты кечээ ...

    Подробнее...

     
  • Акылбек 19.08.2020 19:18
    Саламатсызбы? 2020-2021 окуу жылы кандай турдо болот?

    Подробнее...

     
  • Базарбек 22.06.2020 23:50
    Мен 2-курста мобильный студент программа боюнча Ошмуга 1 семестр окуп келдим. Бирок кнудагы отпой ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Гуля 23.09.2020 11:51
    Менин сиңдим бакалавр Прикладная информатика в экономике багытын бүткөн. Магистратурага Журналистикага ...

    Подробнее...

     
  • Жазгуль 04.09.2020 23:52
    Здравствуйте. Я хотела забрать диплом. Закончила я 2012 году. Как могу забрать

    Подробнее...

     
  • Алтынбек 24.08.2020 15:50
    Здравствуйте. Как можно восстановиться? Если все корпусы закрыты?

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер