Шейшемби, Ноябрь 24, 2020

КУУга вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева келди

КУУга вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева келди

Кытай элчиси Ду Дэвэн айым таажывирус тууралуу соңку маалыматтарды айтып берди

002020-жылдын 25-февралында К.Ш.Токтомаматов атындагы санариптик технологиялар борборунда Кыргыз улуттук университети менен "Кыргызстан - Кытай" коомдук фонду биргелешип уюштурган "Таажывирус тууралуу жаңы маалыматтар жана вируска каршы Кытайда көрүлүп жаткан чаралар" темасындагы тегерек стол болуп өттү. Жыйынды "Кыргызстан - Кытай" коомдук фондунун президенти Асейин Абдраманович Аракеев ачып, сөз кезегин Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэн айымга берди.

Элчи айым бүгүнкү иш чараны уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, жыйындын катышуучулары менен Кытайдагы таажывирус тууралуу соңку маалыматтар менен бөлүштү. Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата Кытайда таажывирус илдетине кабылгандардын жалпы саны 77 миң 658 адам, анын ичинен: 508 - жаңы жуктургандар, айыккандардын саны - 27 миң 323, каза болгондор - 2 миң 669. Февраль айынын 13нөн баштап таажывирус жуктургандардын саны азаюуда.

- Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин мырзага көңүл айтып, кыргыз тараптан гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Мени айрыкча жөнөкөй кыргызстандыктардын аракеттери толкундантты, - деп сөзүн улантты Ду Дэвэн айым. - Мисалы, бишкектик бир пенсионер 200 доллар өлчөмүндөгү бир айлык пенсиясын Кытайдын Кызыл Крест фондуна которуптур, ал эми белгилүү акын Пазылов Ухань шаарына арнап атайын ыр жазды, Улуттук университеттин кыргыз-кытай факультетинин 300дөн ашуун студенти кытай элин колдогон кат жөнөттү. 

Сөзүнүн соңунда элчи айым Кытайдагы бардык мамлекеттик органдар, ишкана мекемелер Кытай коммунисттик партиясынын башкы катчысы Си Цзиньпиндин "Биз үчүн ар бир адамдын ден соолугу маанилүү" деген сөзүн эске алуу менен жана КПКнын жетекчилиги астында жакын арада таажывирус эпидемиясын жеңип, кытай эли мындан да бекем, мындан да ынтымактуу болооруна терең ишенээрин билдирди.

Улуттук университеттин ректору Канат Садыков Кытай Эл Республикасынын жетекчилиги, мамлекеттик органдары тарабынан таажывируска каршы көрүлүп жаткан чараларды чагылдыруу боюнча иш чара университетте экинчи жолу өтүп жатканын, мындай жолугушууларда так маалымат алынып, түзүм жетекчилери ал маалыматты окутуучулар менен студенттерге түз жеткирээрин белгиледи. Ректор андан ары "Кыргыз эли менен кытай элинин достугун чыңдаган иш чаралардан биз да четте тура албадык. Жөнөкөй эл, пенсионерлер жардам берип жатканда, биз дагы бул жагдайды талкуулап, жетекчилик, декандар, кыргыз-кытай факультетинин деканаты, окутуучулары, ал эмес студенттери биригип, таажывируска каршы күрөшүүдө кытай элине акчалай жардам көрсөтүүнү жана сиз аркылуу, урматтуу элчи айым, ал каражатты Кытайдын Кызыл Крест коомуна тапшырууну чечтик", - деп, Ду Дэвэн айымга каражат салынган конвертти тапшырды.

"Кыргызстан - Кытай" коомдук фондунун вице-президенти, Шанхай саясат жана укук университетинин ардактуу профессору Субай Анарбек мырза таажывирус боюнча Кытайдагы, анын провинцияларындагы абал тууралуу схема, диаграмма, графиктерди колдонуу менен кенен маалымат берди.

Жогорку Кеңештин депутаты Жунус уулу Адыл, "Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Турдукан Жумабекова, Ухань шаарында окуган КУУнун магистранты Алтынай таажывирус менен күрөшүү боюнча Кытайда жасалып жаткан иш аракеттер, чаралар жөнүндө айтып, Кытай эли бул жугуштуу ооруну тартип, эрежелерди сактоо жана карантин жолу менен жеңип жатканын, Кыргызстанда да ушундай чараларды көрүү зарыл экендигин баса белгилешти.

02

04

06

08

10

12

13

15

16

17

18

19

28

30

32

44

45

50

56

58

60

62

63

64

65

6667

72

press knu 2020

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 531 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Komiljon 10.10.2020 14:02
    Assalomu alaykum men sizlarga onlayin xujjat topshirgandim shuni qanday bilsa bo'ladi

    Подробнее...

     
  • Нуриза 09.10.2020 15:52
    Здравствуйте! Хотела спросить, в данный момент принимаете абитуриентов? Я закончила среднее образование ...

    Подробнее...

     
  • Айчүрөк 30.09.2020 22:24
    Не закончила учебу в кну по обстоятельствам .могу ли я восстановится?к ому обращаться?по какому ...

    Подробнее...

Студенттердин ?-лору

  • Сезим 29.10.2020 20:08
    Саламатсызбы журналистика факультетиндн Авн кеч ачылып сабактар болунуп болунуп ачылып жатты кечээ ...

    Подробнее...

     
  • Акылбек 19.08.2020 19:18
    Саламатсызбы? 2020-2021 окуу жылы кандай турдо болот?

    Подробнее...

     
  • Базарбек 22.06.2020 23:50
    Мен 2-курста мобильный студент программа боюнча Ошмуга 1 семестр окуп келдим. Бирок кнудагы отпой ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Гуля 23.09.2020 11:51
    Менин сиңдим бакалавр Прикладная информатика в экономике багытын бүткөн. Магистратурага Журналистикага ...

    Подробнее...

     
  • Жазгуль 04.09.2020 23:52
    Здравствуйте. Я хотела забрать диплом. Закончила я 2012 году. Как могу забрать

    Подробнее...

     
  • Алтынбек 24.08.2020 15:50
    Здравствуйте. Как можно восстановиться? Если все корпусы закрыты?

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер