Шейшемби, Октябрь 20, 2020

КУУга ТИКАнын жаңы дайындалган программалык координатору келди

КУУнун Камкорчулук кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

00

2019-жылдын 15-октябрында ректораттын жыйындар залында Улуттук университеттин Камкорчулук кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы Асылбек Токтогулов алып барган жыйында ректор Канат Садыков баяндама жасап, кеңештин мүчөлөрүн КР Президенти С.Ш.Жээнбековдун 2019-жылдын 6-февралында Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлар менен кесиптик-техникалык окуу жайлардын жетекчилери менен болгон жолугушуусунда берилген тапшырманын негизинде түзүлгөн Кыргыз улуттук университетинин стратегиялык өнүгүү планын аткаруунун жүрүшү менен тааныштырды.

Ректор алгач университетте жасалган оңдоп-түзөө иштери тууралуу маалымат берип, №1, 3, 4, 5, 6, 7, 8-окуу имараттары жана №9-жатакана толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүлүп, жаңыланганын билдирди.

Эл аралык кызматташтык багытында төмөндөгү иш чаралар өткөрүлдү:

  • 17-июль күнү Корея Республикасынын премьер-министри Ли Нак Ен Улуттук университетке иш сапары менен келип, салтанаттуу жыйын учурунда Корея Республикасынын Бишкек шаарындагы билим берүү борбору менен Улуттук университеттин ортосунда Меморандумга кол коюлду; 
  • 20-августта Кытай Эл Республикасынын Хэнань провинциясында жайгашкан Лоян педагогикалык университетинин президенти Лян Лукы мырза баштаган делегация келип, аталган университет менен КУУнун ортосунда кызматташтык мамилелерди орнотуу боюнча келишимге кол коюлду; 
  • Андан соң Корея, Кытай, Башкортостан жана башка өлкөлөрдөн делегациялар келип, кызматташуу боюнча тиешелүү документтерге кол коюлду.

Ректор о.э. медициналык факультеттин ачылышы боюнча, курула турган лабораториялар туурасында кенен маалымат берди.

Жыйындын жүрүшүндө Камкорчулук кеңешинин мүчөлөрү баяндамачыга ар тараптуу суроолдорду берип, кошумча ой-пикирлерин билдиришти жана сунуштарын киргизишти.

Ректордун баяндамасы Камкорчулук кеңешинин мүчөлөрү жана төрагасы тарабынан жактырылып, колдоого ээ болду. 

02

04

06

08

10

12

14

16

22

24

26

press knu 2019 00

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 957 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Азиз 16.08.2020 23:39
    Здравствуйте! Можно ли поступить к вам на магистратуру? Можно ли это сделать онлайн и как? Я закончил ...

    Подробнее...

     
  • Роза 15.08.2020 11:02
    Саламатсыздарбы менин балам сиздердин окуу жайга тапшырды информатика и инновация технологии деди ...

    Подробнее...

     
  • Abdylda 29.07.2020 00:56
    Юфакультеттерди н ичинде максатту оорун дегенди тушундуруп береспи

    Подробнее...

Студенттердин ?-лору

  • Акылбек 19.08.2020 19:18
    Саламатсызбы? 2020-2021 окуу жылы кандай турдо болот?

    Подробнее...

     
  • Базарбек 22.06.2020 23:50
    Мен 2-курста мобильный студент программа боюнча Ошмуга 1 семестр окуп келдим. Бирок кнудагы отпой ...

    Подробнее...

     
  • жоомарт 22.06.2020 13:28
    мен 5 сабактан отпой калдым башка универге которулсам болову

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Алтынбек 24.08.2020 15:50
    Здравствуйте. Как можно восстановиться? Если все корпусы закрыты?

    Подробнее...

     
  • Жанара 20.08.2020 18:13
    Можно ли забрать диплом другому человеку?

    Подробнее...

     
  • Алмазбек 21.06.2020 14:12
    Саламатсызбы, архвтик справка кантип алсак болот ушул жерде окуп бүткөн деген. Пенсияны документ ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары