Жекшемби, Август 09, 2020

Журналистика факультетинин студенттери жемкорлукка, терроризмге жана экстремизмге каршы

00

2019-жылдын 21-сентябрь күнү журналистика факультетинин студенттери башкы имараттагы кичи жыйындар залында “Жемкорлукка чогуу каршыбыз!” жана “Терроризм жана экстремизм жөнүндө” темаларынын алкагында кызыктуу жолугушуу өткөрдү. Жаштарга туура багыт көрсөтүү жана темалардын алкагында суроолорго жооп берүү үчүн иш чарага Ички иштери министрлигинин өкүлү, милициянын полковниги Манас Аманбаев чакырылган.

Ал жаштарга жогорку окуу жайларындагы коррупция деген эмне жана аны менен кантип күрөшүү керек деген теманын алкагында кеңири түшүндүрмө берди. Аманбаев, жемкорлук жөнөкөй гана чай берүү, сыйлап коюу менен башталат, жада калса пара алган эмес, пара берген тарап да кылмыш жоопкерчилигине тартылат деп кошумчалады.

Ал эми терроризм жана экстремизм жөнүндө кеп атайын кызмат тарабынан даярдалган тасма менен башталды. Жаштарга Ислам дининин максаты жөнүндө айтылып, динди жамынуу менен коркунучтуу кылмыштарга барып жаткан диний агымдар жөнүндө кеңири маалымат берилди. Өлкөдө ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салынган 19 экстремисттик-террордук уюм бар. Алардын айрымдары кыргыз жаштарын Сирия мамлекетине азгырган учурлары да катталган. Аманбаев, студенттерге бул жөнүндө маалымат берип, аларды түшүнүксүз уюмдар, күмөндүү адамдар менен кызматташпоого, максаты түшүнүксүз жана шектүү дават сапарларынан алыс болууга чакырды.

Эске салсак, “Жемкорлукка чогуу каршыбыз” иш чарасы Билим берүү жана илим министрлигинин атайын буйругунун алкагында сынак катары жарыяланган. Бул багытта журналистика факультети тегерек стол уюштуруп, атайын дубал гезит иштеп чыкты.

02

04

06

08

12

16

18

Капарова Чынара - тарбия иштери боюнча декандын орун басары

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 682 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 25.06.2020 02:55
    Андай факультет жок, бирок юридика факультетинде "Таможенное дело" деген адистик бар. Өтүү баллы ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 22.06.2020 14:51
    Эгер дипломуңуз бар болсо, анда экинчи жогорку билим алууга тапшырсаныз болот. 1) Магистратурага ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 16.06.2020 08:47
    1) НЕгизги тест жетиштүү, бирок математикадан кошумча тест болсо - ашыкча болбойт. Абитуриент катары ...

    Подробнее...

Студенттердин ?-лору

  • Базарбек 22.06.2020 23:50
    Мен 2-курста мобильный студент программа боюнча Ошмуга 1 семестр окуп келдим. Бирок кнудагы отпой ...

    Подробнее...

     
  • жоомарт 22.06.2020 13:28
    мен 5 сабактан отпой калдым башка универге которулсам болову

    Подробнее...

     
  • Адина 21.06.2020 13:56
    Саламатсызбы? Менин иним эконофактын 1чи курсун бутуп жатат. Биринчи семестрде баалары жакшы ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Алмазбек 21.06.2020 14:12
    Саламатсызбы, архвтик справка кантип алсак болот ушул жерде окуп бүткөн деген. Пенсияны документ ...

    Подробнее...

     
  • Алима 19.06.2020 12:17
    Здравствуйте!Ес ли не защитила диплом в этом году, можно пересдать осенью? И что для этого надо ?

    Подробнее...

     
  • Дмитрий 15.06.2020 02:48
    Добрый день! Подскажите пожалуйста, как можно восстановить диплом выпускника?Дипл ом сгорел при пожаре.

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары