Суббота, Января 18, 2020
kg_m RU

«Тилдерди окутуунун заманбап технологиялары» аттуу семинар-тренинг

Али Муслу: Жаңы жылыныздар менен!

Видео жаңылыктар (Баласагын ТВ + Басма сөз кызматы)

БМПУнун ректору Салават Сагитовго "КУУнун ардактуу профессору" наамы ыйгарылды

002019-жылдын 16-сентябрында башкы имараттагы кичи жыйындар залында М.Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Сагитов Салават Талгатовичке "КУУнун ардактуу профессору" наамын ыйгаруу аземи болду. Жыйынга окуу жайдын жетекчилери, окутуучулары жана социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин студенттери катышты. Иш чараны КУУнун ректору Канат Садыков ачып, жыйындын катышуучуларын келген коноктор менен тааныштырган соң, сөз кезегин БМПУнун ректоруна берди.

Салават Сагитов Улуттук университеттин жамаатын жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, “Байланыш каражаттарынын өнүгүшү жана социалдык түйүндөр социологдун көзү менен” деген темада лекция окуду. Анын айтымында, заманбап байланыш каражаттары көпчүлүк учурда турмуштук маселелерди жеңилдеткени менен, айрым учурда зыяны да бар. Мисалы:

- Азыркы жашоону уюлдук телефонсуз элестетүүгө болбойт: аны менен байланыш да ишке ашат, социалдык тармактарда да телефон менен отурабыз. Кыргызстанда да, бизде да ушул маселе өтө курч. Кичинекей балдарга телефонду "алаксый турсун" деп карматып коюп, ал интернеттен эмнени көрүп, эмнени кылып жатканына маани да бербейбиз, көңүл да бурбайбыз. Бул - ата-эненин балага болгон мамилеси суз болуп, ортодогу мамиленин начарлашына алып келет. Азыр көчөдө урушуп, токмок жеп аткан адамдарга жардам көрсөткөндүн ордуна, сүрөткө же видеого тартышат. Жакында эле “Нейропоэт” деген программаны ойлоп табышты, ал өзү ыр жазат. Тээ эзелтен ырды акындар жүрөгү менен жан дүйнөсүн башкаларга айтуу, бөлүшүү максатында жазган. Компьютерде кайсы жан дүйнө бар, кантип ошондон жакшы ырды күтүүгө болот?

- Азыр жол билбесең деле, кыйналып, маселе жаралбайт. Себеби, телефондо карта бар, ал сага маршрутту көрсөтүп, кайсы көчөдө тыгын бар экенин айтып, башка көчө менен айда деп белги берет. Ооба, анысы жакшы, тез жетип аласын. Бирок, ошол эле маалда, адамдардын ойлонуусу чектелип, биз үчүн техникалык каражат ойлонуп баратат. Бул - канчалык бир деңгээлде социалдык маселени жаратат.

- Санариптештирүү заманында окуу иштери да компьютердин негизинде же жардамы менен ишке ашууда. Маселен, дисстанттык формадагы студенттер компьютер, интернет аркылуу окуп, жандуу пикир алмашуу калып калды. Менимче, бул да бир маселе. Эгер бардыгын техниканын жардамында ишке ашыра берсек, анда мугалимдер эмне кылат, аларды кайсы жумуш орду менен камсыз кылабыз? Техниканын жардамы менен билим алып, бири-бирибиз менен социалдык байланыштар аркылуу байланыша бере турган болсок, толугу менен виртуалдуу дүйнөдө жашап калабыз. Биз - тирүү адамбыз, биздин жүрөгүбүз бар, андыктан бири-бирибиз менен маектешип, жандуу сүйлөшүп, жакшы мамиле кылганга көнүшүбүз керек. Ошондуктан, урматтуу студенттер, мен сиздерди китеп окууга жана терең билим алууга үндөйм.

Сөзүнүн соңунда БМПУнун ректору КУУнун ректоруна жана окутуучулар жамаатына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Канат Садыков Салават Сагитовдун таржымалы, алган сыйлыктары тууралуу кыскача маалымат берип, Окумуштуулар кеңешинин катчысы Гүлзыйнат Аркабаева "Россия менен Кыргызстандын элдеринин ортосундагы маданий-билим берүү байланыштарын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн М.Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Сагитов Салават Талгатовичке "КУУнун ардактуу профессору" наамын ыйгаруу жөнүндө" КУУнун Окумуштуулар кеңешинин 12-сентябрдагы  чечимин окуп берген соң, Канат Садыков Башкыртстандан келген өз кесиптешине аталган наамдын атрибуттары болгон аттестатты, академиялык мантияны жана конфедератканы тапшырды.

Кичи залдагы салтанаттуу аземден кийин, ректораттын жыйындар залында КУУнун ректору Канат Садыков менен БМПУнун ректору Салават Сагитов "Билим берүү программасын тармактык формада ишке ашыруу" жана "КУУ менен БМПУнун ортосундагы маданият, илим жана билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө" келишимдерге кол коюшту.

Иш чараларга о.э. БМПУнун биринчи проректору Мустаев Алмаз Флюрович да катышты.

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

24

26

30

34

44

46

48

52

60

press knu 2019 00

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Радио-кафе (Журфак)

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 352 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Гулайым 16.01.2020 20:45
    Саламатсыздарбы !Менин 9 предметимден бааларым "3" болуптур. Иштеп жаткандыгым учун жакшы окуй албай ...

    Подробнее...

     
  • Azizat 11.01.2020 01:03
    Саламатсызбы? Мен кыргыз филологиясы факультетинде окуйм. Өткөн жылдын декабрь айында ЖК тарабынан ...

    Подробнее...

     
  • Radmila 22.12.2019 12:19
    Мен юрфактын студентти болот.4-курста балалуу болгонума байланыштуу академ алгам окуудан.Бирок авнден ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Жанарбек 02.01.2020 23:47
    Каф деген факультет барбы? Дагы программировани е боюнча кандай факультеттер бар

    Подробнее...

     
  • Эсена 27.11.2019 17:05
    Саламатсызбы? Мен микро электрониканы 2009ж бутком, кайра эконофакка заочно тапшырсам кайсы документтер ...

    Подробнее...

     
  • Алсу 14.11.2019 02:22
    Здравствуйте. 1)Хотела узнать есть ли у вас бюджетные места для граждан РФ? 2) стипендии? 3) возможно ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • medina 06.01.2020 15:55
    Саламатсыздарбы ? Биз журналистика факультетинин жарнама жана коомчулук менен байланыш багытынын 2019 ...

    Подробнее...

     
  • Кулпунай 01.01.2020 16:05
    Саламатсызбы 4 курсту Толук бутуп Дипломдук ишти жактабай койсо кийин келип 4 окубай Дипломдук ...

    Подробнее...

     
  • Гульнура 16.12.2019 12:26
    Здравствуйте! Я в2001г.закончил а факультет биологии я проучилась с 1995 по 2001 заочно у меня степень ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Темирлан 11.11.2019 18:11
    Саламатсызбы Мен Шакулуев Темирлан Сиздерге бир суроом бар эле мен азыркы учурда ЮУрГУда 1 курста ...

    Подробнее...

     
  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер