Воскресенье, Января 19, 2020
kg_m RU

«Тилдерди окутуунун заманбап технологиялары» аттуу семинар-тренинг

Али Муслу: Жаңы жылыныздар менен!

Видео жаңылыктар (Баласагын ТВ + Басма сөз кызматы)

Улуттук университетте "ИнтерБилим" маалыматтык-ресуртук залы ачылды

00

2019-жылдын 16-май күнү 8-окуу имаратындагы илимий китепканада Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков жарыялаган "Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына" карата "Интербилим" маалыматтык-ресурстук залы ачылды. Иш чарага КУУнун ректору Канат Садыков, окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев), административдик жана чарба иштери боюнча проректор Туратбек Суранаев, факультет декандары, окутуучулар жана студенттер катышты.

Залдын ачылышына арналган чакан жыйында Канат Садыков чыгып сүйлөп, бул залды ачуу иштери КР президенти С.Ш.Жээнбековдун 2019-жылдын 6-февраль күнү Улуттук университетке келген учурунда берилген тапшырмаларды аткаруу алкагында мындан 2 ай мурун башталганын, андан бери ремонт иштери аткарылып, залга компьютерлер орнотулуп, бүгүн колдонууга берилип жаткандыгын; эми студенттер үчүн сабактарга же сынактарга даярдануу учурунда интернет аркылуу Кыргызстандагы, Россиядагы эле эмес, бүткүл дүйнөлүк электрондук ресурстарды колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айтты. Залдын "ИнтерБилим" деп аталып калышын ректор төмөндөгүдөй чечмеледи: биринчиден, "интер" - бул Кыргызстанда билим берүү программаларын ишке ашырган мекемелер аралык же ортосундагы деген мааниде; экинчиден, "интер" - "Интернет" деген сөздүн кыскартылышы. Кыскача айтканда, "билим берүү мекемелери ортосундагы же интернет аркылуу билим алуу дегенди туюндурат.

- Бул залдан сырткары, - деп улантты сөзүн Канат Садыков, - биз турган фойеде да вай-фай таратуучу жабдыктар орнотулуп, студенттер өздөрүнүн ноутбуктары же планшеттери аркылуу залдан сырткары да интернетке туташып, ар кандай маалымат ресурстарын колдонууга мүмкүнчүлүк алышат. Ректордун айтымында, ушундай эле ресурстук зал келерки жылы 6-окуу имаратында да ачылат.

Окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров бул залдын ачылышы менен университеттин бакалаврлары, магистранттары үчүн жакшы шарттар түзүлгөнүн белгилеп, аккредитация учурунда да бул зал чоң мааниге ээ болоорун билдирди.

Экономика факультетинин деканы Эркин Кулова, илимий китепкананын директору Майя Джаилканова "ИнтерБилим" маалыматтык-ресурстук залынын ачылышы Улуттук университеттин жамааты үчүн жагымдуу окуя экенин белгилеп, жалпы студенттердин билим алуусуна заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүп жаткандыгы үчүн Улуттук университеттин жетекчилигине терең ыраазылыктарын билдиришти. 

Салтанаттуу иш чара аяктаган соң, КУУнун ректору маалыматтык-ресурстук залдын алдына тартылган кызыл лентаны кесип, катышуучулар ал жерде орнотулган компьютерлер, программалар менен таанышып чыгышты.

logo yt Ачылыш аземинен видео-репортаж (Баласагын ТВ)

01

02

03

04

05

06

07

08

09

10

11

13

14

15

35

36

46

48

50

52

54

56

58

60

62

64

66

68

press knu 2019 00

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Радио-кафе (Журфак)

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 338 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Гулайым 16.01.2020 20:45
    Саламатсыздарбы !Менин 9 предметимден бааларым "3" болуптур. Иштеп жаткандыгым учун жакшы окуй албай ...

    Подробнее...

     
  • Azizat 11.01.2020 01:03
    Саламатсызбы? Мен кыргыз филологиясы факультетинде окуйм. Өткөн жылдын декабрь айында ЖК тарабынан ...

    Подробнее...

     
  • Radmila 22.12.2019 12:19
    Мен юрфактын студентти болот.4-курста балалуу болгонума байланыштуу академ алгам окуудан.Бирок авнден ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Жанарбек 02.01.2020 23:47
    Каф деген факультет барбы? Дагы программировани е боюнча кандай факультеттер бар

    Подробнее...

     
  • Эсена 27.11.2019 17:05
    Саламатсызбы? Мен микро электрониканы 2009ж бутком, кайра эконофакка заочно тапшырсам кайсы документтер ...

    Подробнее...

     
  • Алсу 14.11.2019 02:22
    Здравствуйте. 1)Хотела узнать есть ли у вас бюджетные места для граждан РФ? 2) стипендии? 3) возможно ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • medina 06.01.2020 15:55
    Саламатсыздарбы ? Биз журналистика факультетинин жарнама жана коомчулук менен байланыш багытынын 2019 ...

    Подробнее...

     
  • Кулпунай 01.01.2020 16:05
    Саламатсызбы 4 курсту Толук бутуп Дипломдук ишти жактабай койсо кийин келип 4 окубай Дипломдук ...

    Подробнее...

     
  • Гульнура 16.12.2019 12:26
    Здравствуйте! Я в2001г.закончил а факультет биологии я проучилась с 1995 по 2001 заочно у меня степень ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Темирлан 11.11.2019 18:11
    Саламатсызбы Мен Шакулуев Темирлан Сиздерге бир суроом бар эле мен азыркы учурда ЮУрГУда 1 курста ...

    Подробнее...

     
  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер