Окуу иштери боюнча проректор (27.08.2018 баштап)
08.09.2018 11:31
Темиров Бекжан Кайыпбекович
физика-математика илимдеринин доктору, профессор
Туулган датасы: 27.09.1958
Туулган жери: Нарын областынын Кочкор районунун Чекилдек айылы
Улуту: кыргыз
Билими: жогорку, Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин 1980 жылы бүтүргөн
- 1984 – 1987: ИАнын математика институнун аспиранты
- 1987: Кыргыз мамлекеттик университетинин «Жогорку математика» кафедрасынын окутуучусу
- 1996: физика-математика илиминин кандидаты
- 2003: доцент
- 2016: физика-математика илиминин доктору
- 2016-жылдан баштап: Ж.Баласагын атындагы КУУнун математика жана информатика факултетинин дифференциалдык теңдемелер кафедрасынын профессору
Эмгек жолунун негизги этаптары:
- 1981-1984: ИАнын математика жана физика институтунда ага лаборант
- 1984-1987: ИАнын математика институтунда аспирант
- 1987-жылдан: КМУнун механика-математика факультетинин «Жогорку математика» кафедрасында окутуучу
- 1998-жылдан: КМУУмнун математика жана колдонмо математика факультетинин «Дифференциалдык тендемелер» кафедрасында ага окутуучу, доцент
- 2016-жылы: КУУнун математика жана информатика факультетинин «Математикалык анализ жана дифференциалдык тендемелер» кафедрасында профессор
- 1994-2006, 2008-2016: КМУ, КМУУ жана КУУнун механика-математика; математика жана колдонмо математика; математика, информатика жана кибернетика факултетинин деканынын окуу иштери боюнча орун басары
- 2016-жылдан: КУУнун математика, информатика жана кибернетика факультетинин деканынын милдетин аткаруучу
- 2017 жылдан: КУУнун математика жана информатика факультетинин деканы
- 27.08.2018 баштап: КУУнун окуу иштери боюнча проректору.
Башка жогорку окуу жайларындагы эмгек жолу:
- 2004-2012: Чуй университетинин доценти (айкалыштыруу менен)
- 2006-2016: Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян Университетинин «Жогорку математика» кафедрасынын доценти (айкалыштыруу менен)
- 2008-2012: КР Призидентинин алдындагы Башкаруу академиясынын «Жогорку математика» кафедрасынын доценти (айкалыштыруу менен)
- 2012-2017: Кыргыз-Орус билим берүү академиясынын доценти, профессору (айкалыштыруу менен).
Сыйлыктары:
- 2001: КР Билим жана илим министирлигинин « Билим беруунун мыктысы» төш белгиси
- 2009: «Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин билимине эмгек синирген ишмер» наамы
- 2010: «Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мыкты лектору» наамы
- 2011: «Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эмгек синирген изилдөөчүсү» наамы
Басмадан чыккан эмгектери: баардыгы 53 илимий эмгек: анын ичинен 2 монография, 1 методикалык колдонмо.
Докторлук диссертацинын темасы: «Үчүнчү, бешинчи жана каалагандай так тартиптеги оператордук-айырмалуу тендеменин чыгарылыштарынын термелүүсү»
Илим изидөөнүн кыскача резюмеси: Элиптикалык операторлуу, Лаплас операторлуу экинчи, үчүнчү, төртүнчү, бешинчи жана каалагандай жуп жана так тартиптеги оператордук-айырмалуу тендемелердин чыгарылыштарынын термелүүсүнүн касиеттеринин изилдеп, термелүүнүн жетиштүү шарттарын тургузуу.