Шаршемби, Август 05, 2020

Жаңы ректордун жаңы талаптары: "Урууну ойлобой, улутту ойлонолу"

00

2017-жылдын 10-апрелинде ректораттагы жыйындар залында Улуттук университеттин түзүм жетекчилери катышкан өндүрүштүк кеңешме болуп өттү. Жыйында КУУнун ректорунун м.а. Канат Садыков сөз сүйлөп, төмөндөгүлөргө токтолду:

- Мындай кеңешмени эми ар жуманын дүйшөмбү күндөрү өткөрүп турабыз. Жыйынга алынып чыгуучу маселелер декандар, түзүм жетекчилери тарабынан алдын ала даярдалып, бейшемби, жума күндөрү мени менен макулдашылып, анан кийинки жумадагы кеңешмеге алынып чыгышы керек.

- Мен силерди мурунку ректордун командасы дебейм, эми баарыбыз бир командабыз. Максат - университеттин жамаатын биримдикке чакырып, жаратмандык жана чыгармачыл ишке багыттоо.

- Бүгүнтөн баштап "урууну ойлобой, улутту ойлонолу". Кимде-ким эскиче иш алып барса, прокуратуранын алдында жооп берет.

Жыйындын жүрүшүндө Канат Садыков ректораттын жаңыча иштөө регламенти тууралуу да айтып берди. Регламенттин негизги максаты - "ар кимдин жомогун угуп отурганга убакыт жок. Ошондуктан, убакытты туура, эффективдүү пайдаланып, ар кимибиз өз милдетибизди, функциябызды так аткаралы".

- Факультеттерди болсо өзүм, ушул же эмки жумада, кыдырып чыгам. Ошондо алардын учурдагы абалы жана жамааты менен жакшылап таанышам. Сиздер бул жакка келип убара болбоңуздар, - деп билдирди КУУнун жетекчиси.

Административдик жана чарба иштери боюнча проректор Алымкул Токтомамбетов контракттын төлөнүшү тууралуу маалымат бергенден кийин, ректор декандарга кайрылып: "Апрелде контракт толук төлөнүп бүтүшү керек. Талапты катуураак коюп, так иштегиле. "Өлүк жандар" болсо - эртерээк таап, чарасын көргүлө", деди.

Жыйында о.э. ички укук-ченемдик актыларды тартипке келтирүү, мамлекеттик аттестацияга даярдык, кафедра башчыларын шайлоо, университеттин пансионаты жана окуу имараттарындагы ашканалар тууралуу да сөз болуп, аталган маселелерди чечүү үчүн тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.

01

01 2

01 3

06

07

09

15

press knu 2017

Материалы по теме:

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 873 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 25.06.2020 02:55
    Андай факультет жок, бирок юридика факультетинде "Таможенное дело" деген адистик бар. Өтүү баллы ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 22.06.2020 14:51
    Эгер дипломуңуз бар болсо, анда экинчи жогорку билим алууга тапшырсаныз болот. 1) Магистратурага ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 16.06.2020 08:47
    1) НЕгизги тест жетиштүү, бирок математикадан кошумча тест болсо - ашыкча болбойт. Абитуриент катары ...

    Подробнее...

Студенттердин ?-лору

  • Базарбек 22.06.2020 23:50
    Мен 2-курста мобильный студент программа боюнча Ошмуга 1 семестр окуп келдим. Бирок кнудагы отпой ...

    Подробнее...

     
  • жоомарт 22.06.2020 13:28
    мен 5 сабактан отпой калдым башка универге которулсам болову

    Подробнее...

     
  • Адина 21.06.2020 13:56
    Саламатсызбы? Менин иним эконофактын 1чи курсун бутуп жатат. Биринчи семестрде баалары жакшы ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Алмазбек 21.06.2020 14:12
    Саламатсызбы, архвтик справка кантип алсак болот ушул жерде окуп бүткөн деген. Пенсияны документ ...

    Подробнее...

     
  • Алима 19.06.2020 12:17
    Здравствуйте!Ес ли не защитила диплом в этом году, можно пересдать осенью? И что для этого надо ?

    Подробнее...

     
  • Дмитрий 15.06.2020 02:48
    Добрый день! Подскажите пожалуйста, как можно восстановить диплом выпускника?Дипл ом сгорел при пожаре.

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары