Бейшемби, Июль 29, 2021

Залкар жазуучу, гуманист Чынгыз Айтматов ар дайым жүрөгүбүздө сакталат!

Физика жана электроника факультетинин окутуучулары менен студенттери 2016-жылдын 14-декабрында Чынгыз Айтматовдун жаркын элесин эскеришти. Тарбия иштери боюнча декандын орун басары Бакирова Элизат улуу жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу кыскача баяндама жасады.

2008-жылдын 11-июнь айында 80 жашында бул өмүр менен кош айтышкан бүткүл дүйнөгө таанымал кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматов көзү тирүү болсо быйыл 88 жашка чыкмак.

Жазуучунун психологиялык, философиялык, нравалык жагдайлар менен каармандардын жан дүйнөсүн, алардын ортосундагы конфликттерди чагылдырган «Ак кеме», согушту жек көрүү жана тынчтыкта жашоо проблемасын козгогон «Саманчынын жолу», коммунисттин жаркын образын түзгөн «Биринчи мугалим», махабат темасын козгогон «Жамийла» повесттери жана адамзаттын жоопкерчилиги, парзы чагылдырылып, элдерди тынчтыкта жана ынтымакта жашоого чакырган «Кылым карытар бир күн» романы бүгүнкү күндө окурмандардын сүйүктүү чыгармаларына айланып, дүйнөлүк маданияттын орток кенчине айланган.

Ч.Айтматовдун чыгармачыл мурасына баа берүү өтө оор. Ал өз чыгармалары аркылуу окурмандарына боорукерлик, кайрымдуулук, чынчылдык, айкөлдүк сыяктуу асыл сапаттарды берүүгө аракет кылган.

Чынгыз Айтматов – дүйнөлүк маданияттын баалуулуктарынын системасында терең изилдөөнү талап кылган инсан. - Ал ар дайым эл аралык тилектештиктин жана биримдиктин элесин берген Кыргызстандын сыймыгы болуп кала берет, – деп өз сөзүн аяктады Э.Бакирова.

Жыйындын жүрүшүндө факультеттин кураторлору өз группасы дубал газеталарды чыгарып, Ч.Айтматовду эскерүү иш-чараларын өткөргөндүгү тууралуу маалымат беришти.

02

03

  • Бакирова Элизат- тарбия иштери боюнча декандын орун басары
  • Боскеева Гүлбарчын, Калилов Айдар - жаштар комитетинин мүчөлөрү