Бейшемби, Июль 29, 2021

Болочок физиктер - коррупцияга каршы!

2016-жылдын 2-декабрь күнү физика жана электроника факультетинде “Корупцияга каршы күрөшүү” темасына арналган тегерек стол уюштурулду. Иш-чара өткөн аудиториянын дубал беттерине корупцияга байланышкан түрдүү плакаттар илинди.

Тегерек столдун жүрүшүндө тарбия иштери боюнча декандын орун басары Бакирова Элизат студенттерге корупцияга байланышкан, ичине бир топ маанини камтыган лекция окуду. Андан соң, студенттер бири-бирине суроолорду беришип, жооптор айтылып, өз ара талкуу жүрдү. Талкуу учурунда талаш-тартыштар да болуп, студенттердин бүйүрүн кызытты жана бул иш чара өз максатына жетти десек болот.

01

02

03

04

05

Бакирова Элизат, Боскеева Гүлбарчын, Калилов Айдар