Бейшемби, Июль 29, 2021

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинде дебаттык турнир өткөрүлдү

2016-жылдын 21-ноябрь куну «Улуттук дебат клубу" тарабынан уюштурулган «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине 20 жыл» дебаттык оюну жыйынтыкталды. Иш-чарага жалпысынан 8 команда катышып, оюн 6 саатка созулду.

Прогрессивдүү жаштардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө багытталган турнирдин негизги максаттары - студенттердин дүйнөтаанымын, билим деңээлин, маалыматтык базасын жогорулатуу, жаштардын ортосундагы достук мамилени чыңдоо, шериктештик аркылуу өнүгүүгө, биримдикке чакыруу болду.

Алдыңкы орундарга төмөндөгү командалар ээ болушту:

  • 1-орун: «Демократтар» командасы (кубок)
  • 2-орун: «Вигилианттар» командасы (грамота)
  • 3-орун: «Ну, погоди!» командасы (грамота).

05

01

02

03

04

Жыргалбеков Айбек - «Улуттук дебат клубунун" координатору