Бейшемби, Январь 28, 2021

СГИФте «Жаз деми - 2014» аттуу конкурс өткөрүлдү

alt2014-жылдын 3-апрелинде Социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин профсоюз уюму университеттин №5-жатаканасында факультеттин «Жогорку мектептин педагогикасы», «Дин таануу», «Социология» жана «Философия» кафедраларынын жамааттары менен биргеликте «Жаз деми-2014» аттуу кыздар арасында конкурс өткөрдү.

Конкурска факультетnин деканы профессор Камчыбек уулу Мырзабек, «Жогорку мектептин педагогикасы» кафедрасынын башчысы профессор Раимкулова Ажар, «Дин таануу» кафедрасынын башчысы профессор Омурова Толкун жана жаш мугалимдер катышты.

Конкурстун жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:

1-орун: «Жогорку мектептин педагогикасы» кафедрасынын 3-курсунун студенткасы Теңиз кызы Клара;

2-орун: «Философия» кафедрасынын 2-курсунун студенткасы Тургунбек кызы Аида жана «Социалогия» кафедрасынын 1-курсунун студенткасы Эркаева Рахатай;

3-орун: өз демилгеси менен катышкан Кыргыз филологиясы факультетинин студенткасы Суйутбек кызы Жазгул;

4-орун:  «Дин таануу» кафедрасынын 3-курсунун студенткасы Кенжетаева Назгуль.

Таймашка катышкан кыздар Курманжан Датка, Күлүйпа Кондучалова, Бүбүсара Бейшеналиева, Зууракан Кайназарова, Уркуя Салиева аттуу кыргыздын чыгаан кыздары тууралуу кызыктуу жана чыгармачыл айтып берип, суйлөө чечендигин ыр окуп, макал-лакаптар менен далилдешти.

  • Image folder specified does not exist!
  •  

Материалды даярдаган:

Социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин окутуучулары.