Жекшемби, Январь 17, 2021

МИК факультетинде «Ооганстан – айыкпаган жара» аттуу кече өткөрүлдү

alt15 февраль күнү Советтик армиянын Ооганстандан чыгарылганына туура 25 жыл болду. Бул согушка Кыргызстандан 7141 жоокер катышып, анын 249 каза болду. 2014-жылдын 20-февралында №6-окуу имаратынын лекция залында математика, информатика жана кибернетика факультетинин деканаты менен жаштар комитети «Ооганстан – айыкпаган жара» аттуу кече өткөрүп, ага ооган согушунун ардагери, Юридикалык институттун бөлүм башчысы Кадыр Уметов катышты.

Жолугушуу кечесин факультеттин деканы профессор Асылбек Чекеев куттуктоо сѳзү менен ачып, ооган согушунун ардагерине белек тапшырды. Кадыр агай аталган согуштун ардагерлер кеңешинин аткарган функциалары, ооган жеринде болгон окуялар жѳнүндѳ айтып, ардагерлердин 1999 жылкы Баткен окуясында, 2005- жана 2010-жылдардагы революция учурунда, Ош, Жалал-Абад окуялярында биринчилерден болуп элибиздин тынчтыгы үчүн тикеден-тик турганыгын айтып берди.

Факультеттин студенттери Советтер Союзунун баатыры Юрий Исламов атындагы студенттер үчүн стипендия, «Мээримдүү эне» медалы тууралуу кабардар болушту.

Жолугушуу аяктаган соң интернационалист-жоокерлерди эскерүү максатында спорттук мелдеш өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө Кадыр агай  өз колу менен сыйлыктарды тапшырды.

Жолугушуу студенттердин мекенчилдик сезимин дагы бир жолу ойготуп, тынчтыкты сактоо - жашап жаткан коомдо эң негизги нерсе экендигин далилдеди.

  • Image folder specified does not exist!
  •  

Материалды даярдаган: 

Каныбек Жаникулов - КиИТ кафедрасынын мугалими