Бейшемби, Январь 28, 2021

КУУнун тарыхчы студенттери Жамбыл облусунда археологиялык экспедицияда болуп келишти (толукталды)

alt2013-жылдын сентябрь, октябрь айларында тарых жана чөлкөм таануу факультетинин 5-курс студенттери Таалайбек уулу Автандил, Мырзали уулу Жениш, Рысбеков Адилет жана Алагөз уулу Азамат Жамбыл облусунун Мерке районундагы Каска-Суу капчыгайында өткөн археологиялык экспедицияга катышып келишти. Изилдөө, казуу иштерин «Казархеологи» ишканасы жүргүздү. Экспедицияга КР УИА кызматкери, археолог Айдай Сулайманова илимий жактан жетекчилик кылса, казак археологу Жуман Исмаилов жалпы жетекчилик иштерин алып барды. Экспедиция учурунда эрте сактар дооруна тиешелүү отуздан ашуун көрүстөндөр казылып, сактардын каза болгон адамдарды көмүү салты изилденди жана алардын сактар дооруна тиешелүү башка эстеликтер менен окшоштуктары жана айырмачылыктары аныкталды.

Археологдор тарабынан табылган ритуалдык тамак-аш салынуучу керамика идиштер, темир буюмдар лабораторияга, ал эми адам скелеттери - антропологдорго жөнөтүлөт.

  • Image folder specified does not exist!
  •  

Материалды даярдаган:

Жумабек кызы Жыпара - тарых жана чөлкөм таануу факультетинин методисти