Бейшемби, Январь 28, 2021

ММБ факультетинде Нооруз майрамына арналган салтанаттуу кече өткөрүлдү

20-март күнү КУУнун мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинде Нооруз майрамына арналган салтанаттуу кече болуп өттү. Кечеге факультеттин деканы Кундуз Базакеева, кафедра башчысы Издевалды Искаков жана факультеттин мугалимдери катышышты.Бул күнү факультеттин таланттуу студенттери ырдап, бийлеп, комуз чертип, өз өнөрлөрүн көрсөтүшсө, «Оймо» студиясынан келген бийчилер тобу кеченин көркүн ачышты. Кечеде кыргыздын кол күрөш, аркан тартыш сыяктуу улуттук оюндары ойнолду. Иш-чаранын аягында Издевалды агай куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Нооруз майрамына арналган салтанаттуу кече эң жакшы деңгээлде өттү.

 

gmu_01 gmu_02 gmu_03 gmu_04 gmu_05 gmu_06 gmu_07 gmu_08 gmu_09 gmu_10 gmu_11 gmu_12


Материалды даярдаган:


Каныбек кызы Жанара.