Шейшемби, Декабрь 07, 2021

КУУнун википедиячылар клубу “Сорос-Кыргызстан” фондунун сынагында биринчи орунду ээледи

Кыргыз улуттук университетинин википедиячылар клубу “Сорос-Кыргызстан” фондунун "Википедияны Кыргызстанга жайылтуу” долбоорунун алкагында уюштурулган “Эң мыкты студенттик уюм” сынагынын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча жеңүүчү аталып, атайын диплом жана сыйлыкка ээ болду. Бул окуяга арналган иш-чара 2011-жылдын 16-декабрында КУУнун конференц-залында журналисттерге жана коомчулукка маалымат жыйынын өткөрүү менен башталып, анда кыргыз википедиясынын негиздөөчүсү Тынчтыкбек Чоротегин баштаган топ долбоордун максаты жана аткарылып жаткан иш-аракеттери тууралуу айтып берди.

 

Иш-чара андан-ары Ысык-көл областынын Бостери айылында жайгашкан “Талисман-Виллидж” пансионатында уланып, ага республикадагы беш ЖОЖдун студенттик уюмдары жана Кыргызстандагы эң мыкты википедиячылар катышты.


Аталган долбоор ушул жылдын 23-сентябрында башталып, ага университеттин ар кайсы факультеттеринин кыргыз тилинде мыкты макала жаза алган студенттери тандалып алынган. Долбоордун алкагында ар кандай конкурстар болуп, анын жүрүшүндө КУУнун студенттик клубу эле мыкты студенттик уюм болбостон, анын мүчөлөрү да ар кандай сыйлыктарга татыктуу болушту. Атап айтсак, компьютердик технологиялар жана интернет факультетинин БИ-2-09 группасынын студенти, клубдун мүчөсү Мээрим Мамбетова “Мыкты википедиячы” номинациясынын жеңүүчүсү болсо, “Википидияда макаланы жасалгалоо" конкурсу боюнча Юридикалык институттун ЮП-8-08 группасынын студенти Гүлнура Ашимова биринчи орунду жеңип, диплом жана сыйлыкка ээ болду.


Долбоордун максаты - интернеттеги Википедия эркин электрондук энциклопедиясына кыргыз тилиндеги сапаттуу энциклопедиялык макалаларды жайгаштыруу. Долбоор 2012-жылдын июнь айына чейин Кыргызстандагы ЖОЖдор арасында улантылат.

 

ist_01 ist_01_1 ist_02 ist_03 ist_04 ist_05 ist_06 ist_08