Шейшемби, Сентябрь 22, 2020

Рак оорусун айыктырса болот

 


Бул күнгө КУУнун эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтунун чыгыш таануу факультетинин студенттери көптөн бери даярдык көрүп келишкен.


Тагдырдын буйругу менен бала кезинен оор илдетке чалдыгып калган бөбөктөрдүн дарылануусуна жардам көрсөтүү үчүн алар алгач университеттин ичинде кайрымдуулук акциясын баштап, кийин ага көптөгөн башка мекеме-ишканаларды, уюмдарды тарта алышты.


Жыйынтыгында, 26-февраль күнү, республикалык онкология борборунун балдар бөлүмүндө чакан марафон өткөрүлүп, КУУнун студенттери аркылуу чакырылган көптөгөн уюмдар, жеке адамдар дары-дармек сатып алуу үчүн каражаттарын тапшырып кетишти.


Кайрымдуулук марафону студенттер даярдаган концерттик программа менен коштолуп, кичинекей бөбөктөргө ширин белектер да тапшырылды.