Четверг, Октября 17, 2019

КУУда профессор К.К.Сартбаевдин 100 жылдыгына арналган конференция болуп өттү

Бүгүн, 2011-жылдын 27-майында, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Чоң жыйындар залында белгилүүү түрколог-окумуштуу, педагог, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор Калкабай Калыкович Сартбаевдин туулганынын 100 жылдыгына арналган «Профессор К.К.Сартбаев жана азыркы филоло­гия, педагогика илимдеринин актуалдуу проблемалары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

 

Конференциянын ишин Кыргыз филологиясы факультетинин деканы, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Бектурсун Байсабаев ачып, сөз кезегин КУУнун ректору, профессор Аалыбек Акуновго берди.

 

Ректор сөзүнүн башында жыйында катышып отурган кесиптештерин, студенттерди жана конокторду Калкабай Калыкович Сартбаевдин 100 жылдыгына арналган конференциянын ачылышы менен куттуктады. "Менин оюмча, бул жерде филология илимине тиешеси барлар катышып отургандыктан, алар Калкабай Калыкович тууралуу менден да жакшы билишет деп ойлойм. 1932-жылы 5-ноябрда Улуу Октябрь социалисттик революциясынын 15 жылдыгына карата Фрунзе шаарында Кыргыз педагогикалык институту ачылса, 1935-жылы Калкабай Калыкович ушул институтка келип, окууга кириптир. Ал орус тил факультетин бүтүргөнүнө карабай, түркология жана кыргыз филология илимине зор салымын кошкон окумуштуу болду", - деп белгиледи Аалыбек Акунов. Сөзүнүн аягында КУУнун жетекчиси филоло­гия жана педагогика илимдеринин азыркы учурдагы актуалдуу көйгөйлөрүн талкуулоого арналган конференциянын ишине ийгиликтерди каалады..


Ректордун сөзүнөн кийин конференциянын катышуучуларын Кыргызстандагы Казакстандын элчисинин кеңешчиси, т.и,д., профессор К.И.Коблаңдин куттуктады.

 

Куттуктоо сөздөрү аяктаган соң конференциянын темасы боюнча төмөндөгү баяндамалар угулду:

 

  • С.Косаков - Кыргызстандагы казактар ассоциациясьшын төрагасы, профессор: "Айтылуу устат жана белгилүү илимпоз";
  • Н.Т.Шаршеев - ф.и.к., профессор: "К.К.Сартбаев - көрүнүктүү окумуштуу жана залкар инсан";
  • С.И.Ибрагимов - ф.и.д., профессор: "К.К.Сартбаевдин осуяты жана бүгүнкү тыл үйрөтүү маселелери";
  • А.Т.Алымова - ф.и.к., профессор: "Устатыма таазим кылам";
  • З.Б.Тагаева - ф.и.к., профессор: "К.К.Сартбаевдин эмгектери жана азыркы кыргыз тилин окутуу технологиялары";
  • М.К.Сартбаев - профессор: "Из славной когорты тюркологов Кыргызстана".

 

Андан ары конференциянын иши секцияларда уланды.