Шейшемби, Июль 14, 2020

КУУдагы соңку жаңылыктар

Матфактын окутуучулары - «Ден соолук» спартакиадасынын чемпиону

00

2017-жылдын 13-24-ноябрында 6-окуу имаратындагы спорт залда футбол, волейбол, тогуз коргоол, шахмат жана стритбол боюнча факультеттердин окутуучуларынын арасында «Ден соолук» спартакиадасы болуп өттү. Жалпы командалык зачетто математика жана информатика факультети_1-орунду ээлеп, "КУУнун чемпиону" аталды.

 

Спорт ордосунда КУУнун 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи болуп өттү

02017-жылдын 21-ноябрында Кожомкул атындагы спорт ордосунда_салтка айланып калган КУУнун 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи болуп өттү. Салтанаттуу иш-чараны окуу жайдын_ректору_Канат Садыков ачып, Улуттук университеттин босогосун жаңыдан гана аттаган 1-курс студенттерине ак жол каалап, аларга символикалуу "Сынак китепчесин" жана "Билим ачкычын" тапшырды.

 

Тарых факультетинин жамааты академик С.Т.Табышалиевди эскерди

00

2017-жылдын 17-ноябрында тарых жана чөлкөм таануу факультетинде КУУнун_мурдагы ректору, академик С.Т.Табышалиевди эскерүү иш чарасы_өткөрүлдү. Жыйынга факультеттин профессордук-окутуучулук жамааты, студенттер жана академиктин туугандары катышты.

 

КУУда "Ч.Айтматов – биздин замандашыбыз" аттуу иш-чара өткөрүлдү

00

Кыргыз улуттук университетинде алгач болуп “Чынгыз Айтматов – биздин замандашыбыз” аттуу Чынгыз Айтматовдун 89 жылдыгына арналган студенттер аралык эскерүү иш-чарасы өттү. Аталган иш чараны КУУнун мамлекеттик тил кафедрасынын профессору, ф.и.к. Осмоналиева Г.К жана ага окутуучу Жусупкелдиев К.А. 1-чи курсунун студенттери менен даярдашкан.

 

КУУда тунгуч жазма акын Молдо Кылычтын 150 жылдыгы белгиленди

00

2017-жылдын 16-ноябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында кыргыз элинин туңгуч жазма акыны Молдо Кылыч Шамыкан уулунун туулган күнүнүн 150 жылдыгына жана дүйнөдөн кайткандыгынын 100 жылдыгына карата «Молдо Кылыч - улуу акын, даанышман ойчул» деп аталган республикалык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү. Жыйынды мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Тиллебаев (Алахан) алып барды.

 

Матфактын жамааты академик Алтай Бөрүбаев менен жолукту

00

2017-жылдын 14-ноябрында 6-окуу имаратындагы 7-дарсканада математика жана информатика факультетинин окутуучулар жана студенттер жамааты физика-математика илимдеринин доктору, профессор, УИАнын академиги, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз математикалык коомунун президенти, 1998-2000-жылдардагы КУУнун ректору Алтай Асылканович Бөрүбаев менен жолукту.

 

КУУда 39 кафедранын башчылары шайланды (толукталды)

02017-жылдын 10-ноябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында_окумуштуулар кеңешинин жаңы окуу жылындагы №1-отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, КУУнун ректору Канат Садыков алып барган жыйында төмөндөгү маселелер каралды:

 

Кыргыз журналисттери КУУнун Ардак грамотасы менен сыйланышты

00

2017-жылдын 6-ноябрында_КУУнун ректору Канат Садыков_университетте болуп жаткан алгылыктуу иштерди коомчулукка жайылтууга чоң салым кошкондугу үчүн жана 7 - ноябрь - Басма сөз жана маалымат күнүнө карата Кыргызстандын жоон топ журналисттерине_КУУнун Ардак грамотасын тапшырды.

 

КУУнун ректору студенттик активисттер менен жолугушту

00

КУУнун ректору Канат Садыков_2017-жылдын 1-ноябрь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында студенттик сенат жана старосталар кеңешинин активисттери менен «Улуттук университетти кантип өнүктүрөбүз» деген темада жолугушуу өткөрдү. Иш-чараны мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Тиллебаев_алып барды.

 

КУУда факультеттер аралык 67-студенттик спартакиада башталды

002017-жылдын 31-октябрында 6-окуу имаратындагы спортзалда факультеттер арасындагы 67-студенттик_спартакиаданын ачылыш аземи болуп өттү. Таймаштардын катышуучуларына куттуктоо сөзү менен административдик жана чарба иштери боюнча проректор Туратбек Суранаев кайрылды.

 

КУУнун дагы бир студенти президенттик стипендияга татыктуу болду

00Окуудагы,_илимий-чыгармачыл жана коомдук иштердеги жетишкендиктери үчүн_КУУнун дагы бир студенти өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин 50 миң сом өлчөмүндөгү президенттик стипендиясына татыктуу болду. Ал - мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин 4-курс_студенти Жыргалбеков Айбек.

 

КУУда “Китеп кудугу” долбоорунун ачылыш аземи болуп өттү

00

2017-жылдын 20-октябрында башкы имараттын фойесинде_Мамлекеттик китеп палатасы жана_“Сабат” кыргыз китеп борбору тарабынан уюштурулган “Китеп кудугу” долбоорунун ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Китеп палатасынын төрага орунбасары Кален Сыдыкова, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Тиллебаев, окуу бөлүмүнүн башчысы Эрнис Үсөнов жана декандардын орун басарлары катышты.

 

КУУнун студенти президенттик стипендияга ээ болду (толукталды)

0Окууда, илимий-чыгармачыл жана коомдук иштерде айырмалангандыгы үчүн_Кыргыз улуттук университетинин педагогика факультетинин 4-курс студенти Коконбай кызы Акжолтой_Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясына ээ болду. Аталган сыйлыкты ал 2017-жылдын 18-октябрында өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин өз_колунан алды.

 

КУУда “Баласагын ТВ” телестудиясы ачылды

00

2017-жылдын 6-октябрь күнү КУУнун журналистика факультетинде “Баласагын ТВ” телестудиясы ачылды. Бул окуяга арналган салтанаттуу иш-чарага КУУнун ректору Канат Садыков, ЖК депутаты Жылдыз Мусабекова, тележурналист Байма Сутенова, KG групп компаниясынын президенти Имамидин Ташов, журналисттер жана факультеттинин жалпы жамааты катышты.

 

КУУнун студенти Жаштардын бүткүл дүйнөлүк XIX-фестивалына катышат

00

2017-жылдын 6-октябрында КУУнун ректору Канат Садыков 14-22-октябрда Сочи шаарында өтүүчү Жаштар менен студенттердин бүткүл дүйнөлүк XIX-фестивалына жолдомону жеңип алган кыргыз филология факультетинин студенти, жаш манасчы Азиз Биймырза уулун кабыл алып, ага ак жол каалады жана Кыргызстандын желегин бийик көтөрүп, жаңы идеялар жана сыйлыктар менен келишине тилектеш экендигин билдирди.

 

КУУда "Мугалимдер күнү" белгиленди

0

2017-жылдын 6-октябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында "Мугалимдер күнүнө" арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Улуттук университеттин профессорлук-окутуучулар жамаатын кесиптик майрамы менен КУУнун ректору Канат Садыков куттуктап, мугалимдик кесиптин алдыңкыларына сыйлыктарды тапшырды.

 

КУУнун ректору түрк өкүлдөр тобун кабыл алды

00

2017-жылдын 5-октябрында КУУнун ректору Канат Садыков Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Реджеп Сула мырза жана Кызматташтык жана координациялоо боюнча түрк агентствосунун (ТИКА) жаңы программалык координатору_Али Муслу мырза баштаган түрк_өкүлдөр тобун кабыл алды.

 

Педфакта Азия оюндарынын чемпионун тосуп алуу аземи болду

00

Мурда кабарлангандай, педагогика факультетинин 2017-жылдагы бүтүрүүчүсү Тынчтыкбек уулу Бекзат Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн V Азия оюндарында бел боо күрөшү боюнча алтын медалды жеңип. алган. 2017-жылдын 29-сентябрында аталган факультетте чемпионду тосуп алуу аземи болуп, окутуучулар менен студенттер_Бекзатты жеңиши менен куттукташты.

 

КУУнун бүтүрүүчүсү Тынчтыкбек уулу Бекзат - Азия оюндарынын чемпиону

00

Педагогика факультетинин 2017-жылдагы бүтүрүүчүсү Тынчтыкбек уулу Бекзат Түркмөнстандын_Ашхабад шаарында өтүп жаткан V Азия оюндарында_бел боо күрөшү боюнча_алтын медаль тагынды. Ал чейрек финалда пакистандык_Мухаммад Шахидди, жарым финалда түркмөнстандык_Муратхан Азадовду, ал эми финалдык беттеште түркмөн спортчусу_Сапа Жумаевди жеңип, Азия оюндарынын чемпиону болуп калды.

 

КУУнун ректору Ирандын Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчисин кабыл алды

00

2017-жылдын 21-сентябрында КУУнун ректору_Канат Садыков_Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси_Али Хакимпур мырзаны кабыл алды. Жолугушууда Улуттук университетте Ирандын маданий борборун ачуу маселеси талкууланды.

 

КУУда Мамлекеттик тил күнү белгиленди

002017-жылдын 21-сентябрында башкы имараттагы кичи жыйындар залында 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө карата “Жогорку окуу жайларындагы мамлекеттик тилде билим берүү маселелери” аттуу кереге-кеңеш болуп өттү. Жыйындын катышуучуларын тил майрамы менен КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев жана_КУУнун ректору Канат Садыков куттукташты.

 

6А-окуу имаратында "Токбол" ашканасы ачылды

00

2017-жылдын 20-сентябрь күнү 6А-окуу имаратында "Токбол" ашканасы ачылды. Бул окуяга арналган салтанаттуу азем башталаардан мурун, профкомдун төрагасы_Кубанычбек Жумабеков студенттерден сурамжылоо жүргүзүп, студенттер ага ашканадагы тамактардын баары даамдуу, баалары арзан экендигин айтып беришти.

 

Башкы имараттагы ашкана ишке кирди

00

2017-жылдын 15-сентябрь күнү университеттин түзүм жетекчилеринин катышуусу менен башкы имараттагы ашкананын ачылыш аземи болуп өттү. Профкомдун төрагасы Кубанычбек Жумабеков аларга арендатор Асанбаева Динараны тааныштырып, ашканада_жай бою ремонт иштери жүргүзүлгөнүн жана учурда анын абалы санитардык нормаларга жооп берерин билдирди.

 

КУУда жаңы окуу жылына даярдык боюнча чоң кеңешме болуп өттү

002017-жылдын 22-августунда ректораттагы жыйындар залында университеттин бардык түзүм жетекчилери катышкан чоң кеңешме болуп өттү. Жыйынды ачып жатып, КУУнун ректору Канат Садыков кесиптештерин келе жаткан Эгемендүүлүк күнү, Курман айт жана жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, аларга чың ден-соолук жана ийгиликтерди каалады.

 

Страница 29 из 31

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 1413 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 25.06.2020 02:55
    Андай факультет жок, бирок юридика факультетинде "Таможенное дело" деген адистик бар. Өтүү баллы ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 22.06.2020 14:51
    Эгер дипломуңуз бар болсо, анда экинчи жогорку билим алууга тапшырсаныз болот. 1) Магистратурага ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 16.06.2020 08:47
    1) НЕгизги тест жетиштүү, бирок математикадан кошумча тест болсо - ашыкча болбойт. Абитуриент катары ...

    Подробнее...

Студенттердин ?-лору

  • Базарбек 22.06.2020 23:50
    Мен 2-курста мобильный студент программа боюнча Ошмуга 1 семестр окуп келдим. Бирок кнудагы отпой ...

    Подробнее...

     
  • жоомарт 22.06.2020 13:28
    мен 5 сабактан отпой калдым башка универге которулсам болову

    Подробнее...

     
  • Адина 21.06.2020 13:56
    Саламатсызбы? Менин иним эконофактын 1чи курсун бутуп жатат. Биринчи семестрде баалары жакшы ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Алмазбек 21.06.2020 14:12
    Саламатсызбы, архвтик справка кантип алсак болот ушул жерде окуп бүткөн деген. Пенсияны документ ...

    Подробнее...

     
  • Алима 19.06.2020 12:17
    Здравствуйте!Ес ли не защитила диплом в этом году, можно пересдать осенью? И что для этого надо ?

    Подробнее...

     
  • Дмитрий 15.06.2020 02:48
    Добрый день! Подскажите пожалуйста, как можно восстановить диплом выпускника?Дипл ом сгорел при пожаре.

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары