2026-жылдын 24-ноябрында Бажы иши жана логистика факультетинде чыныгы тарыхый окуя — факультеттин тарыхындагы биринчи курстун студенттерин салтанаттуу кабыл алуу аземи өттү. Майрамдык иш-чара университеттин жетекчилигин, ардактуу конокторду, профессордук-окутуучулук курамды жана жаңы түзүмдүк бөлүмдүн алгачкы студенттерин бириктирип, жогорку уюшкандык жана чыгармачылык деңгээлде өттү.

Салтанаттуу азем Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы жаркын өнөрү менен таанымал болгон белгилүү манасчы Эмил Ишендин аткаруусундагы «Манас» эпосунан үзүндү айтуу менен ачылды. Эпостун ыйык саптары майрамга бийик руханий маанай жана өзгөчө улуттук колорит тартуулады.

Жаңы кабыл алынган студенттерге куттуктоо жана ак жол каалоо сөзү менен КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев кайрылды. Ал биринчи курстун студенттерин жашоосундагы жаңы баскычтын башталышы менен жылуу куттуктап, жаңы факультеттин тарыхынын барактарын алгачкылардан болуп ачып жаткандардын өзгөчө жоопкерчилигин баса белгиледи:

Урматтуу студенттер, сиздер жаңыдан түптөлгөн факультеттин алгачкы өкүлдөрүсүздөр, демек, сиздерге өзгөчө жоопкерчилик жана миссия жүктөлгөн. Жакшы салттарды түптөп, окууда жана коомдук турмушта бийик чекти белгилөө, ошондой эле жаңы багыттын актуалдуулугун өз билимиңиздер жана ишиңиздер менен далилдөө дал сиздердин колуңуздарда.

Ректор өлкө экономикасы үчүн бажы ишинин жана логистиканын стратегиялык маанисин белгилеп, жаштарга өжөрлүктү, тайманбас илимий изденүүлөрдү жана Кыргызстандын бакубаттуулугу үчүн зор кесиптик ийгиликтерди каалады.

Расмий бөлүктүн кульминациясы биринчи курстун студенттеринин салтанаттуу ант берүүсү болду. Студенттер Улуттук университеттин тарбиялануучусу деген бийик наамды татыктуу алып жүрүүгө жана тандап алган кесибин тырышчаактык менен өздөштүрүүгө убада беришти. Университеттин жакшы салтына ылайык, ректор биринчи курстун өкүлдөрүнө символдук «Билим ачкычын» жана студенттик сынак китепчелерин тапшырды.

Аземдин алкагында Догдурбек Чонтоев ошондой эле окуудагы эң жакшы жетишкендиктери жана университеттин коомдук турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн жогорку курстардын мыкты студенттерин КУУнун Ардак грамоталары менен сыйлады.

Жаштарды бул маанилүү күнү менен куттуктоо үчүн «Кыргызстан Жаштар кыймылынын» төрагасы Жакшылык Бекназаров келди. Ал өз сөзүндө мамлекеттин келечегинде жаштардын маанилүү ролун белгилеп, кыймылдын атынан факультеттин эң активдүү жана айырмаланган үч студентине Ардак грамоталарды тапшырды.

Расмий бөлүк аяктагандан кийин майрам факультеттин студенттик активинин күчү менен даярдалган мазмундуу концерттик программа менен уланды. Жаштар жаркын вокалдык, бий жана театралдаштырылган номерлери менен көрүүчүлөрдү багындырып, факультеттин кийинки муундары үчүн жогорку чыгармачылык деңгээлди көрсөтүштү. Кеченин атайын коногу — белгилүү эстрада ырчысы Ислам Акматовдун өнөрү бардык катышуучулар үчүн чыныгы белек жана сюрприз болуп, анын хит ырларын зал кошо ырдап коштоп турду.

Бажы иши жана логистика факультетинин деканаты көңүл бургандыгы жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн университеттин жетекчилигине жана ардактуу конокторго терең ыраазычылык билдирет, ошондой эле факультеттин тарыхындагы алгачкы студенттикке кабыл алуу аземин жогорку деңгээлде  уюштургандыгы, демилгелүүлүгү жана зор эмгектери үчүн студенттик активге да ыраазычылык  билдирет.

(С) Р.Т.Ибраимов — Бажы иши жана логистика факультетинин деканы