2026-жылдын 26-ноябрында академиялык мобилдүүлүк программасын ишке ашыруу максатында Кыргыз филологиясы факультетинин “Филология (кыргыз)” багытында окуган студенттер үчүн конок лекция уюштурулуп, Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын профессору, филология илимдеринин доктору Жамгырчиева Гүлина Төлөбаевна “Санарип доорундагы кыргыз фольклору: сактоо, жайылтуу жана трансформация маселелери” деген темада конок лекция өттү.
Анын илимий эмгектери негизинен эпостордогу архаикалык-мифологиялык катмарларга, салттуу эпикалык формулаларга жана элдик оозеки чыгармачылыктын маселелерине арналган.
Лекциянын мазмунунда төмөнкүдөй маселелер каралды:
- Сактоо (архивдештирүү жана санариптештирүү): Элдик чыгармаларды, эпосторду жана этнографиялык материалдарды электрондук базаларга, аудио/видео архивдерге түшүрүү жана келечек муунга жоготуусуз жеткирүү.
- Жайылтуу: Фольклордук мурасты социалдык тармактар, билим берүү платформалары жана мультимедиа форматтары аркылуу жаштарга жана эл аралык аудиторияга таанытуу.
- Трансформация: Оозеки салттын жаңы медиа чөйрөсүндө өзгөрүшү — кыска форматтар, визуализация, заманбап маданий контекстке ыңгайлашуу жана салттуу маанини сактоо менен жаңы формалардын пайда болушу.
- Максаты жана жыйынтыгы: ЖОЖдор ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, тажрыйба алмашуу жана болочок филологдордун теориялык-практикалык билимин тереңдетүү.
(С) Н.Турдубаева — Кыргыз филологиясы факультетинин деканынын илимий иштер боюнча орун басары