Кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова жакында Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын 1-радиосунун «Илим жана инновация» программасында тилдин заманбап коомдогу орду, кыргыз тилинин учурдагы абалы, жаңы багыттагы илимий изилдөөлөр жана заманбап технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү ж.б. маселелер тууралуу маек берди.
Маекти журналист Сагина Сурабекова алып барды.
(С) Гүлжамал Жаманкулова — кыргыз тил илими кафедрасынын профессору