2026-жылдын 24-ноябрында Юнус Эмре институтунун Бишкектеги координатору Синан Яман Кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнө иш сапары менен келди. Конокту аталган бөлүмдүн башчысы , доцент Бурул Элебесова, доцент Эсра Явуз жана улук окутуучу Фаризат Курамаева тосуп алышты.
Андан соң Синан Яман мырза факультет деканы Бактыбек Жайлообаев менен таанышып, түркология жана котормо таануу бөлүмүндө жалпы жамаат менен баарлашты.
Ал бөлүмдүн профессордук-окутуучулук курамын Мугалимдер күнү менен куттуктап, кесиптик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, чыгармачылык дем-күч каалады жана студенттерге сапаттуу билим, татыктуу тарбия берүүдө, алардын интеллектуалдык жана инсандык өнүгүүсүндө салымдары чоң экендигин баса белгиледи. Белгилей кетсек, 24-ноябрь Түркия Республикасында Мугалимдер күнү.
Ошондой эле, бөлүмдүн ишмердүүлүгү, түрк тилин окутуу, түркология багытындагы билим берүү жана маданий кызматташтык тууралуу пикир алышышты.
Жолугушуунун алкагында Синан Яман студенттерге Түркиянын чет өлкөлүк жарандар үчүн өткөрүлүүчү Türkçe Yeterlik Sınavı (TYS) — Түрк тилин билүү деңгээлин аныктоо сынагы тууралуу кеңири маалымат берди. Сынактын максаты, өтүү тартиби, тил билүү деңгээлдери жана сертификаттын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып, студенттердин суроолоруна жооп берди.
Бул жолугушуу түрк тилин үйрөнүп жаткан студенттер үчүн практикалык маалымат алуу, тилдик компетенцияларын өркүндөтүүгө мотивация алуу жана Түркия менен билим берүү, маданий байланыштарды бекемдөө жагынан маанилүү болду.
(С) Бурул Элебесова — түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент