2026-жылдын 23-25-ноябрь күндөрү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Кыргыз Википедиясын системалуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында студенттер үчүн семинар-тренинг өткөрүлдү.

Сабактардын жүрүшүндө катышуучулар Кыргыз Википедиясына макала түзүү, маалыматтарды толуктоо жана редакциялоо, ишенимдүү булактар менен иштөө, ошондой эле кыргыз тилиндеги сапаттуу маалыматтарды интернет мейкиндигинде жайылтуу боюнча теориялык жана практикалык билим алышты.

Мындан тышкары, кыргыз тилиндеги санариптик контентти өнүктүрүү, студенттерди Википедияга активдүү салым кошууга тартуу жана университеттин базасында туруктуу Вики-клубду түзүү багытында иштер жүргүзүлдү.

Семинардын алкагында катышуучулар командалык иш, лидерлик жана клубдун ишмердүүлүгүн уюштуруу боюнча практикалык тапшырмаларды аткарышты. Ошондой эле Вики-клубдун төрагасы же төрайымы аныкталып, клубдун келечектеги иш планы талкууланды.

Долбоордун негизги максаты — жогорку окуу жайларында туруктуу Вики-клубдарды калыптандыруу, жаштардын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу жана кыргыз тилиндеги маалыматтык ресурстарды байытууга багытталган активдүү коомчулукту түзүү.

(С) Д.Мырзагулова — Мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы

23.11.2026

25.11.2026