2026-жылдын 19-ноябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан келген 30дан ашуун мектеп окуучусу үчүн тааныштыруу экскурсиясы уюштурулду.

Экскурсиянын алкагында окуучулар өлкөдөгү алдыңкы жогорку окуу жайлардын бири болгон Кыргыз улуттук университетинин тарыхы, бүгүнкү ишмердүүлүгү жана билим берүү мүмкүнчүлүктөрү менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

КУУнун Карьера, ишке орноштуруу жана кесипке багыт берүү борборунун кызматкерлери окуучуларга университеттин кылымдан ашуун тарыхы, анын өнүгүү этаптары, түзүмүндөгү институттар жана факультеттер, адистиктер жана билим берүү программалары тууралуу кеңири маалымат беришти.

Мындан сырткары, мектеп окуучулары университеттин окуу корпустарын кыдырып, студенттер үчүн түзүлгөн шарттарды, заманбап жабдылган аудиторияларды жана кабинеттерди көрүштү. Ошондой эле жаңы курулуп жаткан имараттар менен таанышып, окуу жайдын материалдык-техникалык базасы жана студенттер үчүн каралган мүмкүнчүлүктөр тууралуу билишти.

Жолугушуу ачык баарлашуу жана суроо-жооп форматында уланып, окуучуларды өзгөчө кызыктырган адистиктер, университетке кабыл алуу талаптары, окуу процесси жана студенттик жашоого байланыштуу суроолорго жооптор берилди.

Борбордун кызматкерлери жаштар менен баарлашууда келечектеги кесипти туура тандоонун, жеке кызыгууларды жана жөндөмдөрдү эске алуунун, алдыга так максат коюп, сапаттуу билим алууга умтулуунун зарылдыгын  дагы баса белгилеп өтүштү.    

(С) Эркинбек Эгембердиев — Карьера, ишке орноштуруу  жана кесипке багыт берүү борборунун башкы адиси