Ишемби, Ноябрь 28, 2020

КУУнун командасы радиотаймашта 1-орунду ээледи

КУУга вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева келди

КУУдагы соңку жаңылыктар

Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин студенттери КМУдагы олимпиадада 3-орунду ээлешти

00

2019-жылдын 19-20-ноябрь күндөрү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде жогорку окуу жайлардын тарых адистигинде окуган студенттери үчүн республикалык олимпиада болуп, ага тарых жана чөлкөм таануу факультетинин студенттери Аскаров Аман, Сыдыков Тынчтык, Эсенгелди уулу Бексултан жана Акбаралы уулу Ыманкадыр катышты. Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча КУУнун командасы 3-орунду ээледи.

 

Матфактын "Жаңы муун" дебаттык клубунун 4 жылдыгы белгиленди

00

2019-жылдын 19-ноябрь күнү 6-окуу имаратынын 5-дарсканасында математика жана информатика факультетинде түзүлгөн "Жаңы муун" дебаттык клубунун 4 жылдыгы белгиленди. Иш чаранын алкагында "Жаштар жана темп" темасында дебаттык турнир өткөрүлүп, Бишкектеги 17 жогорку окуу жайынан 50 команда катышты. Кызыктуу оюндар менен коштолгон турнирдин жүрүшүндө жеңүүчүлөр аныкталып, аларга төмөндөгү белектер ыйгарылды:

 

Спорт ордосунда Улуттук университеттин 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи болуп өттү

002019-жылдын 18-ноябрында Кожомкул атындагы спорт ордосунда_салтка айланып калган КУУнун 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи болуп өттү. Салтанаттуу иш-чараны КУУнун ректору Канат Садыков ачып, Улуттук университеттин босогосун жаңыдан аттаган 1-курс студенттерине ак жол каалап, аларга символикалуу "Сынак китепчесин" тапшырдыКечээки абитуриент, бүгүнкү студенттерди майрамы менен Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков да куттуктады.

 

Физика жана электроника факультетинин 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи өткөрулдү

00

2019-жылдын 18-ноябрында башкы имараттагы чоӊ жыйындар залында физика жана электроника факультетинин 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи өткөрүлдү. Декан Самат Токтогонов факультеттин босогосун жаныдан аттаган жаштарды майрамы менен куттуктап, аларга символикалуу "Сынак китепчесин" жана студенттик билеттерди салтанаттуу түрдө тапшырды. 1-курс студенттерин о.э. кафедра  башчылары Эсенбек Мамбетакунов, Шаршенбек Жусупкелдиев, Гульмира Бейшекеева жана тарбия иштери боюнча декандын орун басары Максат Турдумамбетов куттукташты.

 

Асылбек Чекеев топология боюнча Кытайда өткөн конференцияга катышып келди

00

Илимий иштер боюнча проректор Асылбек Чекеев 2019-жылдын 8-13-ноябрында Топология жана анын колдонулуштары боюнча III Эл аралык Тынчокендык конференцияга катышып, жарым сааттык билдирүү жасады. Кытайдын Чэнду шаарында өткөн илимий жыйынга АКШ, Канада, Голландия, Жаңы Зеландия, Мексика, Бразилия, Япония, Индия, Пакистан, Германия, Польша, Латвия, Түштүк Корея жана Кытайдан келген окумуштуулар катышты.

 

Сырдыбаев Туратбек тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы болуп дайындалды

02019-жылдын 18-ноябрь күнү КУУнун ректору Канат Садыков тарых жана чөлкөм таануу факультетинин окутуучу-профессорлору менен жолугушуп, үч күн мурда болуп өткөн шайлоодо жеңип чыккан Сырдыбаев Туратбек Токтобекович 15-ноябрдан баштап 5 жылга аталган факультеттин деканы болуп дайындалгандыгы тууралуу буйрук менен тааныштырды. Жыйындын жүрүшүндө Канат Садыков Туратбек Сырдыбаевди жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, чың ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалады жана декандык кызмат ордуна отургузду.

 

Матфактын 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи өткөрүлдү

00

2019-жылдын 16-ноябрында 6-окуу имаратынын 5-дарсканасында математика жана информатика факультетинин 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи өкөрүлдү. Факультет деканы Изат Усенов кечээки абитуриент, бүгүнкү студенттерди майрамы менен куттуктап, алардын сапаттуу билим алышына жана келечекте Кыргызстандын өнүгүүсүнө өз салымдарын кошушуна тилектеш экендигин билдирип, символикалуу «Сынак китепчеси» менен «Билим ачкычын» тапшырды. Студенттерди о.э. кафедра башчылары жана окутуучулар да куттукташып, өз каалоо–тилектерин айтышты.

 

Студенттер күнүнө карата кесиптик колледждин студенттерине кечки тамак уюштурулду

00

2019-жылдын 15-ноябрында кесиптик колледждин студенттери жашаган жатаканада "Студенттер күнүнө" карата майрамдык кечки тамак уюштурулду. Окутуучулар менен студенттердин ортосунда тыгыз байланышты бекемдөө максатында мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча колледж директордун орун басары Мирбек Шарабидинов тарабынан уюштурулган иш чарага 70 студент катышып, өнөрлүү студенттер ыр бийлерди аткарышты.

 

Педагогика факультетинин 10 жылдыгы белгиленди

00

2019-жылдын 15-ноябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында педагогика факультетинин 10 жылдыгына жана п.и.д., ПББЭИАнын мүчө-корресспонденти, профессор Н.О.Мааткеримовдун 70 жылдыгына арналган “Педагогикалык кадрларды даярдоодонун теориясынын жана практикасынын актуалдуу маселелери” аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү. Жыйынга Кыргызстандын жана Казакстандын бардык аймактарынан келген педагог-окумуштуулар катышты.

 

Сырдыбаев Туратбек Токтобекович тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы болуп шайланды

00

2019-жылдын 15-ноябрында башкы имараттагы тарых изилдөө борборунда тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканын шайлоо болуп, бюллетенге 2 талапкердин аты-жөнү киргизилди. Алар: т.и.к., доцент Сырдыбаев Туратбек Токтобекович жана т.и.к., доцент Асантурова Таалайкүл. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 43 шайлоочунун 27 добушун алган Сырдыбаев Туратбек Токтобекович тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы болуп шайланып, 1 бюллетень жараксыз деп табылды.

 

Маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультети 1-курс студенттерин тосуп алды

002019-жылдын 14-ноябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультети салтка айланып калган 1-курс студенттерин тосуп алуу аземин өткөрдү. Факультет деканынын орун басары  Амантур Рыспаев студенттерди Улуттук университетте билим алып жаткан жаштардын катарына кошулушу менен куттуктап, аларга символикалуу "Билим ачкычы" менен "Сынак китепчесин" тапшырды.

 

Математика жана информатика факультетинде Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди

00

2019-жылдын 13-ноябрында математика жана информатика факультетинде Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата иш чара өткөрүлүп, 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшү жана 1937-жылы репрессияга кабылган кыргыз интеллегенциясы тууралуу видео-роликтер көрсөтүлдү. Ал эми тарых илимдеринин кандидаты Салайдин Эралиевдин кыргыз мамлекетинин түптөлүшү жөнүндө жасаган баяндамасы аудитория үчүн кызыктуу да, пайдалуу да болду.

 

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинде 1-курстарды тозуп алуу аземи болуп өттү

00

2019-жылдын 13-ноябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети 1-курс студенттерин тосуп алуу аземин өткөрдү. Кечээки студент, бүгүнкү студенттерди майрамы менен экономиканы мамлекеттик жөнгө салуу кафедрасынын башчысы Издевалды Искаков, ага окутуучусу Анара Акунова, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат кафедрасынын доценти Чолпонбек Сыдыкбаев менен ага окутуучусу Асель Сатыбалдиева куттукташты.

 

КУУнун ректору Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы менен жолугушту

00

2019-жылдын 13-ноябрь күнү КУУнун ректору Канат Садыков Кыргыз Республикасынын Өкмөтуно караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев менен жолугушту. Ректораттын жыйындар залында болгон сүйлөшүү учурунда Канат Садыков Турганбаев мырзаны эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында Тбилиси шаарында болуп өткөн турнирде чемпион болушу менен куттуктап, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу, студенттердин практикасын өткөрүү багытында КУУ менен ЖАМКнын ортосунда кызматташуу тууралуу маектешти. Жолугушуунун соңунда аталган маселелер боюнча Улуттук университет менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ортосунда кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлду.

 

Колледж студенттери Кыргыз улуттук академиялык драма театрына барышты

00

"Театр – адамдардын акыл оюн, жан дүйнөсүн байытуучу асыл казына" демекчи, профессионалдык колледждин кыргыз-кытай бөлүмүнүн 1, 2-курс студенттери мугалимдери менен биргеликте 2019-жылдын 12-ноябрында Т.Абдумомунов атындагы  Кыргыз улуттук академиялык драма театрына барып, «Манастын уулу Семетей» аттуу спектаклин көрүп келишти. Студенттерге актерлордун чеберчилиги, жандуу оюну чоӊ таасир бергендиктен, эми  «Рамаяна», «Абийир кечирбейт» аттуу спектаклдерге да барышмакчы.

 

КУУда Т.У.Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган студенттик конференция болуп өттү

00

2019-жылдын 12-ноябрында башкы имараттагы кичи жыйындар залында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети тарабынан "Мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевге 100 жыл" аталышындагы ЖОЖдор аралык студенттик илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Жыйындын биринчи бөлүгүндө чейрек кылым Кыргызстанды башкарган көрүнүктүү инсандын эмгек жолу, өкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу студенттерге профессорлор Издевалды Искаков, Акылбек Джуманалиев, КУУнун проректору Садык Алахан (Тиллебаев) жана доцент Чолпонбек Сыдыкбаев айтып беришти.

 

Cоциалдык-гуманитардык илимдер факультетинин 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи өткөрүлдү

00

2019-жылдын 12-ноябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи болуп өттү. Факультеттин окутуучу-профессорлору жана студенттери катышкан иш чараны декан Камчыбек уулу Мырзабек ачып, кечээки абитуриенттерди “студент” статусуна ээ болушу менен кызуу куттуктап, окууларына ийгилик каалады жана алган билиминин үзүрүн көрүшүнө тилектеш экенин билдирди. Декан о.э. бүгүнкү күндөгү социология, психология илимдеринин орду туууралуу айтып берди.

 

Чет тилдер факультети 1-курс студенттерин тосуп алуу аземин өткөрдү

00

2019-жылдын 6-ноябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында чет тилдер факультети салтка айланып калган 1-курс студенттерин тосуп алуу аземин өткөрдү. Кечээки абитуриент, бүгүнкү студенттерди чет тилдер факультетинде билим алып жаткан жаштардын катарына кошулушу менен факультет деканы Памира Кадырбекова куттуктап, аларга символикалуу "Билим ачкычын", "Сынак китепчесин" жана студенттик билеттерди тапшырды.

 

КУУнун ректору массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту

00

2019-жылдын 6-ноябрь күнү КУУнун ректору Канат Садыков массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, Улуттук университетте аткарылып жаткан оңдоп-түзөө иштери, эл аралык байланыштар, окутуучу-профессорлордун айлык маянасы, медициналык факультеттин ачылышы ж.б. боюнча маалымат берип, кызыктырган суроолорго жооп берди. Иш чаранын соңунда Канат Садыков журналисттерди эртең белгиленүүчү кесиптик майрамы менен куттуктап, иштерине ийгилик, ден соолук, чыгармачылык эргүү каалап өттү жана жигердүү кызматташкандыгы үчүн массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн Ардак грамота менен сыйлап, эстеликке белектерди тапшырды. 

 

Кесиптик колледждин студенттеринин арасында волейбол оюну өткөрүлдү

00

2019-жылдын 5-ноябрында 6-окуу имаратындагы спорт залда кесиптик колледждин студенттеринин ден соолугун чыңдоо, спортко болгон кызыгуусун арттыруу максатында окуу жайдын бөлүмдөрүндө окуган балдар арасында волейбол оюну өткөрүлдү. Кызыктуу беттештердин жыйынтыгында 1-орунду экономика жана каржы бөлүмүнүн студенттери ээлеп, 2-орунду маалыматтык технологиялар бөлүмү жеңип алды, ал эми 3-орунга укук таануу бөлүмүнүн волейболчулары татыктуу болду.

 

Журналистика факультетинин окутуучулары "Жамааттык ЖМК" боюнча окуу-тренингге катышты

00

2019-жылдын 2-3-ноябрь күндөрү журналистика факультетинин окутуучулары Кыргызстандагы жождордун журналистика факультеттеринде “Жамааттык ЖМК” курсун өтүүнүн методикасы боюнча "Жамааттык ЖМК ассоциациясы" тарабынан өкөрүлгөн окуу-тренингге катышты. Иш чарада чет мамлекеттен келген коноктор жана жергиликтүү адистер жамааттык ЖМКда иштөө боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, анын коомдогу орду, өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу  баяндашты жана аймактардагы калктын коомдо болуп жаткан жаңылыктар менен кабардар болушунда жамааттык маалымат булактарынын орду маанилүү экендигин белгилешти.

 

Геофактын студенттери Панфилов районундагы балдардын жатак мектебине барып келишти

00

2019-жылдын 2-ноябрь күнү география, экология жана туризм факультетинин студенттери Панфилов районунда жайгашкан Казыбек Тилебалиев атындагы жетим жана кароосуз калган балдардын жатак мектебине барып, тарбиялануучуларга тамак аш, жылуу кийим- кече, түрдүү оюнчуктарды таркатышты жана концерттик программа, оюн-зоок тартуулашты. Кайрымдуулук акция өз максатына жеткенин сыймыктануу менен белгилеп, аны өткөрүүгө активдүү катышкан окутуучулар менен студенттерге чоң ыраазычылык билдиребиз! 

 

Химия жана химиялык технология факультетинин жамааты кесиптик майрамын белгиледи

00

2019-жылдын 1-ноябрь күнү химия жана химиялык технология факультетининде жыл сайын белгиленүүчү «Химик күнү» өткөрүлдү. Иш чараны факультет деканы Анар Зарипова ачып, конокторго сөз берди. Окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров майрамдык куттуктоо менен чектелбестен, химия жана химиялык технология факультети университетте бардык иштер боюнча алдынкы орунда экенин баса белгилеп кетти. Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) химия факультетинде өтө чоң тажрыйбалуу окумуштуу-мугалимдер эмгектенээри жөнүндө айтып, куттуктады.

 

Профессор Жумакадыр Дүйшеевдин 80 жылдык мааракеси белгиленди

02019-жылдын 1-ноябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында КУУнун профессору Жумакадыр Дүйшеевдин 80 жылдык мааракесине арналган “Профессор Ж.Дүйшеев жана сүйлөшүү маданиятынын актуалдуу маселелери” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тил илими кафедрасы тарабынан уюштурулган иш чараны мамлекеттик  тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) куттуктоо сөзү менен баштап, Ж.Дүйшеевдин китептеринин маани-маңызы, окутуучулук иш-тажрыйбасы тууралуу ой бөлүштү жана агайды 80 жылдык мааракеси менен куттуктап, күч-кубат, ден соолук каалады.

 

Страница 11 из 33

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 409 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Komiljon 10.10.2020 14:02
    Assalomu alaykum men sizlarga onlayin xujjat topshirgandim shuni qanday bilsa bo'ladi

    Подробнее...

     
  • Нуриза 09.10.2020 15:52
    Здравствуйте! Хотела спросить, в данный момент принимаете абитуриентов? Я закончила среднее образование ...

    Подробнее...

     
  • Айчүрөк 30.09.2020 22:24
    Не закончила учебу в кну по обстоятельствам .могу ли я восстановится?к ому обращаться?по какому ...

    Подробнее...

Студенттердин ?-лору

  • Сезим 29.10.2020 20:08
    Саламатсызбы журналистика факультетиндн Авн кеч ачылып сабактар болунуп болунуп ачылып жатты кечээ ...

    Подробнее...

     
  • Акылбек 19.08.2020 19:18
    Саламатсызбы? 2020-2021 окуу жылы кандай турдо болот?

    Подробнее...

     
  • Базарбек 22.06.2020 23:50
    Мен 2-курста мобильный студент программа боюнча Ошмуга 1 семестр окуп келдим. Бирок кнудагы отпой ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Гуля 23.09.2020 11:51
    Менин сиңдим бакалавр Прикладная информатика в экономике багытын бүткөн. Магистратурага Журналистикага ...

    Подробнее...

     
  • Жазгуль 04.09.2020 23:52
    Здравствуйте. Я хотела забрать диплом. Закончила я 2012 году. Как могу забрать

    Подробнее...

     
  • Алтынбек 24.08.2020 15:50
    Здравствуйте. Как можно восстановиться? Если все корпусы закрыты?

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер