Улуттук университеттеги соңку жаңылыктар
География, экология жана туризм факультетинин 1-курс студенттери Улуттук китепкана менен таанышып келишти
2022-жылдын 4-октябрында география, экология жана туризм факультетинин 1-курс студенттери окутуучу Айжан Каролованын демилгеси менен бир кылымга жакын тарыхы бар Борбор Азиядагы эң чоң китепканалардын бири болгон Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканага саякат жасап келишти. Студенттер китепканага ысымы берилген залкар жазуучубуз Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгы, тагдыры, басып өткөн жолу чагылдырылган музейи менен таанышып, китепкандагы заманбап окуу куралдары, илимий булактар, санариптик технологиялар менен камсыздалган китеп борборлорунан көптөгөн маалымат алууга мүмкүнчүлүктөрү бар экенине ынанып келишти.
КУУнун окумуштуулары Ташкент шаарында өткөн Түрк коомчулугунун X симпозиумуна катышышты

Математика жана информатика факультетинин 1-курс студенттери М.В.Фрунзенин үй-музейи менен таанышып келишти
2022-жылдын 4-октябрында математика жана информатика факультетинин ПМиИб-2-22 тобунун студенттери шаар жана анын имараттары менен жакындан таанышуу, кыргыз элине, жерине, шаарга өз эмгеги менен салым кошкон улуу инсандарын өмүр жолу, эмгек таржымалы, ишмердиги тууралуу кеңири маалыматка ээ болуу максатында М.В.Фрунзенин мемориалдык үй -музейине барып келишти. Кыргыз үчүн атанын уулу болуу эмес, элдин уулу, мекендин атуулу болуу парз, сыймык! Ар бир студент бул милдетти акылына салып, мекенчилдикке багыт алып, келечекте эл-жерине каруусун казык кылып какканга азыртан даярданышы абзел.
Тилдерди изилдөөгө арналган конференциянын материалдары "КУУнун Жарчысынын" атайын санына басылып чыкты
Улуттук университеттин 90 жылдык мааракесине карата 2022-жылдын 29-апрелинде өткөрүлгөн “Тилдерди изилдөө жана тил дисциплиналарын көп тилдүү шарттарда окутуу” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын материалдары "КУУнун Жарчысынын" атайын санына басылып чыкты. Бул жыйнак жогорку окуу жайлардын окутуучуларына, студенттерине, о.э. көп тилдүү шарттарда мамлекеттик тилди, расмий тилди жана чет тилдерди изилдөө жана окутуу маселелерине кызыккан жалпы окурмандарга арналат. Материалдар КУУнун ректораты жана окууу методикалык комиссиясы тарабынан колдоого алынып, илимге кызыккан окутуучулардын ишине көмөк көрсөтүү максатында жарык көрдү.
Чуваш мамлекеттик маданият жана искусство институтунун профессору КУУнун студенттерине лекция окуду
2022-жылдын 3-октябырында Эл аралык коомдук палатанын мүчөсү, маданият таануу илимдеринин доктору, тарых илимдеринин кандидаты, Чуваш мамлекеттик маданият жана искусство институтунун профессору, даректүү тасмалардын автору, публицист, Чуваш Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Владимир Васильев тарых жана чөлкөм таануу факультетинде "Кыргыз- Чуваш байланыштары аттуу конок лекциясын өткөрдү. Сабакка тарых жана чөлкөм таануу жана журналистика факультеттеринин студенттери менен окутуучулары катышты. Лекция КУУнун ректору Төлөбек Абдырахмановдун колдоосу менен өткөрүлдү.
Математика жана информатика факультетинин студенттери "Төлгө" спектаклине барып келишти
2022-жылдын 1-октябрында математика жана информатика факультетинин 1-курсунун студенттери кыргыз тил окутуучусу Гүлзина Элтузерованын жетекчилиги менен Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрына барып, эс алуу күнүн жогорку маанайда өткөрүп келишти. "Кыргыз элинин руханий байлыктарынын туу чокусу - улуу "Манас" эпосу экени баарыбызга маалым. "Манастын уулу Семетей" дал ушул үчилтиктин эң көлөмдүү бөлүгү. Кыргыз эл акыны Жалил Садыков аны театрдын астанасына алып келүү менен бирге, эпоско жаңы дем берген. Аталган драманын негизинде сахналаштырылган "Төлгө" спектаклинде Айкөл Манастын руху анын урпактарында жашаары чагылдырылат.
Кыргыз филологиясы факультетинде Мамлекеттик тил күнү белгиленди
2022-жылдын 30-сентябрында кыргыз филологиясы факультетинде Мамлекеттик тил күнүнө карата «Тил – улуттун күзгүсү» деген аталышта 1-курс студенттери ортосунда конкурс уюштурулуп, концерттик программа тартууланды. Салтанаттуу кече факультет деканы Б.А.Жайлообаевдин куттуктоо сөзү менен башталды. Ал уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдирип, конкурсанттарга ийгилик каалады. Оюнга “Датка”, “Нур” , “Ак шумкар”, “Кырк кыз”, “Биримдик” аттуу топтор катышып, көркөм окуу, мыкты дубал гезит, кыргыз улуттук даамдары жана улуттук өнөр боюнча өнөрлөрүн тартуулашты. Калыстар тобу чыгарган жыйынтыктын негизинде жеңүүчүлөр диплом жана грамоталар менен сыйланышты.
География, экология жана туризм факультетинде кичи-футбол боюнча курстар аралык турнир болуп өттү
География, экология жана туризм факультетинде 2022-жылдын 29-сентябрь күнү студенттердин достугу менен ынтымагын бекемдөө жана биримдигин арттыруу максатында балдар арасында кичи-футбол боюнча курстар аралык турнир болуп өттү. Мелдешке студенттер активдүү катышып, I-орунга 4-курстун, II-орунга 1-курс жана III-орунга 2-курстун студенттери ээ болушту. Турнирдин "Эӊ мыкты чабуулчусу" болуп Тилеков Марлен, ал эми "Эӊ мыкты дарбазачысы" болуп Кожали уулу Муратали аталды.
Министрликтин бөлүм башчысы Жылдызбек Жакшылыков илим менен өндүрүштүн байланышы боюнча кеңешме өткөрдү
2022-жылдын 29-сентябрь күнү ректораттын жыйындар залында илим менен өндүрүштүн байланышы боюнча кеңешме болуп, иш чарага КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов, Билим берүү жана илим министрлигинин бөлүм башчысы Жылдызбек Жакшылыков, проректорлор жана декандар катышты. Жыйынды ачып жатып, ректор Улуттук университеттин Өнүгүү стратегиясы, окуу жайдын бюджети, инновациялык проекттер, илим менен өндүрүштүн байланышы тууралуу айтып, ар бир проректордун алдында "мозговой центр" түзүп, креативдүү идеясы бар жаштарды колдоо зарыл экендигин белгиледи. Министрликтин бөлүм башчысы техникалык эле эмес, гуманитардык илимдер боюнча да коомго пайдалуу проекттерди иштеп чыкса болоорун белгилеп, мисалдарды келтирди.
Матфактын студенттери Сүймөнкул Чокморовдун өнөрканасы менен таанышып келишти
2022-жылдын 29-сентябрында матфактын 1-курс студенттери кыргыздын залкар инсаны, даңазалуу сүрөтчүсү жана киноактёру Сүймөнкул Чокморовдун өнөрканасында болуп, анын эмгек жолу, өмүр таржымалы тууралуу кеңири маалымат алып, тарткан сүрөттөрү менен таанышып келишти. С.Чокморовдун дүйнөдөн кайтканына 26-сентябрь күнү 30 жыл болду. Кылымда бир жаралчу көп кырдуу өнөрдүн ээсинин элеси кылымдан кылымга өчпөй сактала берет. Бул тууралуу Кыргыз Эл баатыры, Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай .Эралиевдин “Сүймөнкулга” деген ырында “Элеси бул кылымдын калды эсинде, Алкынтып бара жаткан асый атын” деп таамай айтылган, ал эми белгилүү акын Жолон Мамытовдун “…Элестелип бүт дүйнөгө таркады, Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй” аттуу саптары эл оозунда унутулбай түбөлүк сакталып келет.
«Болочок мугалим» долбоорунун жетекчиси кыргыз филологиясы факультетинин студенттери менен жолугушту
2022-жылдын 28-сентябрь күнү «Чырак» коомдук фондунун мүчөсү, «Болочок мугалим» долбоорунун жетекчиси Темиров Эрмек кыргыз филологиясы факультетинин студенттери менен жолугушуп, аталган фонд жана долбоор менен тааныштырды. Анын айтымында, «Болочок мугалим» долбоорунун башкы максаты - мугалимдик кесипти мыкты өздөштүрүп, мектептерде сабак берем деген студенттерге колдоо көрсөтүү жана алардын ар тараптуу, кесипкөй адис болушуна салым кошуу. Эрмек Темиров о.э. долбоордун стипендиялык программасына кандидаттарды кабыл алуу этаптары жана мөөнөтү жөнүндө айтып берди.
Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинде Мамлекеттик тил күнү белгиленди
2022-жылдын 23-сентябрында кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинде Мамлекеттик тил күнүнө арналган "Тил - элдин казынасы, байлыгы" темасында майрамдык иш чара болуп өттү. Иш-чарада кыргыз ырлары ырдалып, байыртадан кылым карыткан кыргыз элинин салттары көрсөтүлүп, акыйнек айтышып, кыргыз элинин салттуу саркеч кийим сынагы өткөрүлүп, заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрү аткарылды. Аталган темада гимназиянын окуучулары эссе жазышып, мыктылары байгелүү орундарга ээ болушту.
КУУнун студенттик кеңешинин мүчөлөрү дайындалды (толукталды)
2022-жылдын 23-сентябрь күнү мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан Улуттук университеттин студенттик кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды. Жыйындын жүрүшүндө аталган кеңештин төрагасы болуп Күмүшбек Баатырбаев дайындалып, проректор жаштар иштери жана коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн мүчөлөрү менен биргеликте студенттик кеңештин жетекчилеринин иштерине ийгилик каалап, күбөлүктөрүн тапшырды.
Кесиптик колледжде Мамлекеттик тил күнүнѳ арналган маданий иш чара болуп ѳттү
2022-жылдын 23-сентябрында кесиптик колледжде Мамлекеттик тил күнүнѳ арналган «Кылым карыткан кыргыз тили» деген аталыштагы маданий иш чара болуп ѳттү. «Кыргыз тили жана адабияты» дисциплинасынан сабак берген окутуучулар тарабынан уюштурулган иш чарада окутуучулар Султаналиева Майрам «Тилге таазим», ал эми Айнабаева Асель “Кыргыз элинин чечендик өнөрү” деген темада маданий-тарбиялык ачык сабактарды ѳтүшүп, бѳтѳн улуттун студенттери кыргыз тилинде ѳз таланттарын кѳрсѳтүштү.
Математика жана информатика факультетинде Мамлекеттик тил күнү белгиленди
2022-жылдын 23-сентябрында математика жана информатика факультетинде факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын ага окутуучулары Т.Чыманова, М.Думанаева жана Г.Элтузеровалар тарабынан келечек муундун ээлери студенттерге эне тили, мекени үчүн жан берүүгө үндөгөн, мекенчилдик сезимдерин козгоп, жарандык милдет, атуулдук парзды бекемдөө максатында уюштурулган “Тилибиз - биздин дилибиз” аттуу адабий кече болуп, иш чарага 1-курс студенттери активдүү катышты. Алар "Манас", "Курманбек" дастандарынан үзүндүлөрдү айтышып, эне тили, мекен темасындагы көркөм ырлар окушуп, мекенчилдикти даңазалаган маанай тартуулашты.
География, экология жана туризм факультетинде Мамлекеттик тил күнүнө карата иш чаралар өткөрүлдү
2022-жылдын 23-сентябрында 6-окуу имаратында география, экология жана туризм факультетинде Мамлекеттик тил күнүнө карата кыргыз тили боюнча окутуучу Д.К.Курманкожоева тарабынан уюштурулган "Эне тилге таазим" аттуу иш чара болуп өттү. Окутуучулар жамааты катышкан иш чарада Г-1-22 тайпасынын студенттери эне тилди сактоого, кадыр-баркын көтөрүүгө жана өнүгүшүнө салым кошуу тууралуу көркөм окушуп, макалдарды, улуу сөздөрдү айтышып, сценка аткарышты. Ушул эле күнү автордук ыр боюнча студенттер арасында мурдатан жарыяланган сынактын жыйынтыгы чыгарылып, активдүү катышкан Таалайбек уулу Нуртилек менен Рыскулова Алияга грамоталар жана белектер тапшырылды.
Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинде «Кыргыз тилим - көөнөрбөс, өчпөс дилим» аттуу иш чара өткөрүлдү
2022-жылдын 23-сентябрь күнү 8-окуу имаратынын 417-дарсканасында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети Мамлекеттик тил күнүнө карата «Кыргыз тилим - көөнөрбөс, өчпөс дилим» аттуу чакан иш чара өткөрдү. Тарбия иштери боюнча декандын орун басары Кадыр уулу Алмаздын демилгеси менен даярдалган жыйынга факультеттин деканы Кундузгүл Базакеева баштаган мугалимдер жамааты катышты. Иш чарада эне тилдин баалуулугу тууралуу видеоролик көргөзүлүп, студенттер өздөрү тарткан дубал газеталарды жактап беришти. Аягында факультет деканы «Эне тилибиз болгон кыргыз тилин баалайлы, барктайлы жана сактайлы» деген сөздөрдү айтып, ыраазычылыгын билдирди жана дубал газеталар сынагынын жыйынтыгын чыгарып, студенттерге грамоталарды тапшырды.
Кесиптик бирлик комитети Кыргыз Республикасынынын Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт!
Урматтуу, кесиптештер жана студенттер! 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Кыргыз эли бүгүн кыргыз тилинин 33 жылдыгын майрамдайт. Ар бир улуттун иденттүүлүгүн аныктоочу бирден бир курал болуп тил эсептелинет. Ошол себептен кыргыз тилинде сүйлөп, аны сактоо ар бир кыргыз жаранынын милдети. Бүгүнкү күндө кыргыз тил майрамына чоң маани берилип, жогорку окуу жайларда, мектептерде, бала-бакчаларда ар кандай иш чаралар өткөрүлүп, жаш муунга кыргыз тилинин маанилүүлүгүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет. Келечек ээлери, жаш муундарыбызга кыргыз тилин сактап калуу маселесин жеткирүү зор маселе.
Ректор Түркмөнстандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисин кабыл алды
2022-жылдын 23-сентябрь күнү КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов Түркмөнстандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шадурды Мередов мырзаны кабыл алды. Эл аралык кызматташтык бөлүмү тарабынан уюштурулган жолугушуунун жүрүшүндө белгилүү түркмөн акыны, философу жана түркмөн адабиятынын классиги Махтумкулинин 2024-жылда белгиленүүчү 300 жылдыгына карата анын чыгармаларын кыргыз тилине которуу жана Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулушунун 30 жылдыгына карата илимий конференция өткөрүү маселелери талкууланды.
Биология факультетинин жетекчилери менен студенттери Samsung Dron компаниясынын өкүлдөрү өткөргөн семинарга катышты
2022-жылдын 22-сентябрында биология факультетинин деканы Шафика Сулейманова, анын орун басары Тынчтыкбек Иманалиев, ботаникалык бактын башчысы Улукбек Невераев жана ботаника жана өсүмдүктөрдүн физиологиясы кафедрасынын башчысы Асел Нургазиева факультеттин студенттери менен биргеликте Samsung Dron компаниясынын өкүлдөрү тарабынан "Золотой Дракон" ресторанында өткөрүлгөн "Дрондорду өнүктүрүү планы жана аларды өз ара техникалык кызматташтык аркылуу колдонуу" темасындагы эл аралык семинарга катышып келишти. Иш чарага о.э. УИАнын биология институтунун илимпоздору, айыл чарба багытындагы адистер катышты.
КУУнун окмуштуулары КТРКнын түз эфиринде “Баткен окуяларына социологиялык көз караш” атуу темада маек куруп беришти
2022-жылдын 21-сентябрында социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин социология жана социалдык иштер кафедрасынын башчысы Абдикайым Жусубалиев жана аталган кафедранын доценти Сайкал Жунушовалар КТРКнын түз эфиринде “Баткен окуяларына социологиялык көз караш” атуу темада маек куруп беришти. Анда Баткен жергесинде тажиктер тарабынан жасалган агрессиялык баскынчылык аракеттер, анын кесепеттери, конфликттин жөнөкөй жарандарыбыздын жашоо-турмушуна тийгизген таасирлери жөнүндө социологиялык өңүттөгү көз караштар, кыргыз элинин ынтымагы жана биримдиги сыяктуу маселелер туурасында сөз болду. Биздин окутуучулар каргашалуу окуянын негизинде пайда болгон көйгөйлөрдү иликтөөдө, аларды чечүү жолдорун аныктоодо жана чечүүдө социология илиминин, социологдордун ордуна жана ролуна токтолушту.
Маалыматтык жана инновациялык технологиялар факуьтетинде Мамлекеттик тил күнүнө карата таймаш өткөрүлдү
2022-жыдын 22-сентябь күнү маалыматтык жана инновациялык технологиялар факуьтетинде Мамлекеттик тил күнүнө карата ага окутуучу Акматова Бактыгулдүн демилгеси менен даярдалган “Таймаш” өткөрүлдү. Иш чарага тарбия иштери боюнча декандын орун басары Бакир Жадилов катышып, 1-курс студенттери атайын даярдалган тапшырмаларды аткарышты. Алар: "Куттуктоо каты", "Эгемендүү Кыргызстанда мамлекеттик тилдин өнүгүүсү (кыскача баяндама)", "Мамлекеттик тил менин кесибимде (слайд-шоу)", "Мамлекет темасы боюнча макал айтуу", "Кайсы бир кесиптен көрүнүш көрсөтүү" жана "Дубал гезит".
КУУда "Озон катмарын коргойбуз” аттуу тегерек стол болуп өттү
2022-жылдын 22-сентябрында 6-окуу имаратындагы 126-дарсканада Озон катмарын сактоонун эл аралык күнүнө карата электроника жана наноэлектроника кафедрасы тарабынан уюштурулган "Озон катмарын коргойбуз” аттуу тегерек стол болуп өттү. Иш чарага КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов, Билим берүү жана илим министрлигинин бөлүм башчысы Жылдызбек Жакшылыков, проректорлор, физика жана электроника факультетинин окутуучулары менен студенттери катышты. Жыйында Төлөбек Абдырахманов чыгып сүйлөп, ректорат мындан ары билим берүү менен бирге илимий иштерге, илим менен өндүрүштүн байланышына өзгөчө көңүл буруп, факультеттердин рейтингин аныктоодо ал жерде жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөр эске алынаарын белгиледи.
Профессор Гүлжамал Жаманкулова Уфа шаарында (Башкортстан) өткөн эл аралык конференцияга катышты
2022-жылдын 19-21-сентябрында Уфа шаарында Россия илимдер академиясынын Уфа федералдык илим-изилдөө борборунун Ардак белгиси ордендүү тарых, тил жана адабият институтунун 100 жылдыгына арналган "Академическая гуманитарная наука в XX - начале XXI в: .достижения, тренды и перспективы развития" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Пленардык жыйында Уфа Республикасынын өкмөтүнүн премьер-министринин орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы А.Ш.Бадранов, Россия академиясынын Уфа федералдык илим-изилдөө борборунун жетекчисиини милдетин аткаруучу В.Б.Мартыненко куттуктоо сөз сүйлөштү. Аталган иш-чарага Россиядан, Казахстандан, Кыргызстандан, Өзбекстандан окумуштуулар катышты. Конференция өз ишин 3 секцияда алып барды.
Страница 9 из 20
КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар
- КУУнун студенттик кеңеши “Эки ооз сөз” аттуу жандуу маек өткөрдү
- Ага окутуучу Дубанаева С.А. чөлкөм таануу багытында билим алган студенттер үчүн кытай элинин маданиятына арналган ачык сабак өткөрдү
- Математика жана информатика факультетинин студенттери ишембиликке активдүү катышты
- География, экология жана туризм факультетинин эмгек жамааты студенттер менен биргеликте ишембилик өткөрүштү
- 7-жатакананын жашоочусу бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында 3-орунду ээледи
- Экономика факультетинин студенттери карылар үйүнө барышты
- Экономика факультетинин студенттери Баткендеги кагылуушуда жапа чеккен аскерлерге жана элге жардам көрсөтүштү
- 7-студенттик жатакана студенттери вахтерша кызматкерлерин куттукташты
- Педагогика факультетинин студенттери Бишкек шаарындагы “Свет” карылар үйүнө барышты
- Профессор Гулжамал Жаманкулова КРТКнын Маданият каналындагы Мамлекеттик тил күнүнө карата маекке катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Уфа шаарында өткөн эл аралык илимий конференцияга катышты
- Экономика факультетинин студенттери Ала-Арча жаратылыш паркына барып, эс алып келишти
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери "Ала-Арча" жаратылыш паркына барып келишти
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн панелдик дискуссияга катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Ч.Айтматовдун чыгармачылыгынын 70 жылдыгына арналган тегерек столго катышты
- Педагогика факультетинин окутуучусу Сайкал Эсеналиева "Көкөтөйдүн ашы" темасы боюнча ачык сабак өттү
- Кыргыз филологиясы факультетинин жамааты студенттерге ооз ачырышты
- №7-жатаканада жашаган жалпы студенттер ооз ачышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн-жыйындарга катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн-семинарга катышты
- Педагогика факультетинде "Мастер-классты өтүүнүн технологиясы" деген темада ачык сабак өтүлдү
- Педагогика факультетинин окутуучусу Мээрим Кубатбек кызы адабий иш-чара өттү
- Профессор Гүлжамал Жаманкулованын макаласы англис тилинде Нурсултанда жарык көрдү
- Педагогика факультетинде "Үйрөнүп жаткан тилдин практикалык курсу" боюнча ачык сабак өтүлдү
- Доцент Абдимомунова Апал Ч.Айтматовдун 93 жылдык мааракесине карата англис тилинде ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинде таймаш сабагы өткөрүлдү
- Ырым, сөзүм, элге жетип баркталармын; Кылымдарды аттап өтүп сакталармын
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Айдралиева Алима кызыктуу ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-тарбиялык саат өттү
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинин улук окутуучусу Сапынова Айзуура "Өлкө таануу" сабагынан тарбиялык саат өттү
- Тарых жана чөкөм таануу факультетинде студенттер арасында футбол боюнча жолдоштук мелдеш болуп өттү
- Журналистика факультетинин студенттери белгилүү журналисттер Азиат Жекшеев жана Эрулан Кокулов менен жолугушту
- Матфактын "Жаңы муун" дебаттык клубуна жаны мүчөлөр кабыл алынды
- Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин 2-курс студенттери "Бурана" тарыхый комплексине барып келишти
- МжМБ факультетинин студенттери "Кулатуу Эртаймаш" федерациясынын президенти менен жолугушту
- Педагогика факультетинде профсоюз лидери алмашты
- 18.09.2019: Педагогика факультетинде старосталардын жыйыны болуп өттү
- Айтматов - котормо ааламында
Администратордон
Абитуриенттердин ?-лору
-
Сезим
10.09.2022 16:21
казахстандын жараны заочныйга тапшырса болобу?
-
Аман
31.08.2022 20:34
Саламатсызбы, мен Юридический факультетке тапшыргам. Ватсаптан групп ачкан жок каяка саат канчага ...
-
Шарип кызы Сезим
12.08.2022 07:18
Саламатсызбы! Мен Нарын Мамлекеттик университетинин педагогика факультетин химия предметинен бакалавр ...
Студенттердин ?-лору
-
Акылай
05.01.2023 01:39
Саламатсызбы? "Tömer" курсуна катталуу үчүн кайда, кайсы номерге кайрылышым керек ?
-
Сезим
27.10.2022 02:18
Здравствуйте,я училась в в проф колледже им.Ж Баласагына,меня отчислили за фин долг.Дело вот в чем,я ...
-
ФИИТ
26.09.2022 10:42
Я учусь в ФИИТе уже третий курс, и хотел поинтересоватьс я, есть ли у нас программы по обмену за ...
Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору
-
Ислам
05.12.2022 15:02
Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...
-
Гулиза
13.09.2022 14:52
Саламатсынарбы, мен 2015 жылы чет тилдер институтун бутургонмун, андан лингвист окуттуучу деп диплом ...
-
Жазгул
03.09.2022 21:15
Саламатсызбы!Ме н 2009жылы тапшырып 2014жылы бутмокмун.Гос.э кзаменге жаны диплом защитага ...
Пикирлер жана сунуштар
-
Жыпаркул
24.01.2023 10:32
Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????
-
Канышай
24.01.2023 10:28
Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...
-
Юрфак 2 курс спо
22.12.2022 03:10
Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...
Көп окулган материалдар
- Абитуриент суроолору
- КУУнун түзүмдөрүнүн e-mail маалымдамасы
- Адреса учебных корпусов КНУ (обновлен 01.09.2017)
- КУУнун тарыхы (15.09.2012 жаңыланды)
- КУУнун жалпы мүнөздөмөсү (29.03.2016 карата)
- Ч. Айтматов. "Тоолор кулаганда (Кызкайып)". 1-бөлүк
- Студенттин суроолору
- Бүтүрүүчүнүн суроолору
- "Манас" эпосунун кыскача мазмуну
- Новости сайта