Четверг, Октября 17, 2019

КУУда «Кыргызстанда педагогикалык кадрларды даярдоонун актуалдуу маселелери» аттуу тегерек үстөл болуп өттү

2011-жылдын 28-апрелинде Кыргыз улуттук университетинин Чоң жыйындар залында «Кыргызстанда педагогикалык кадрларды даярдоонун актуалдуу маселелери» аттуу тегерек үстөл болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу - КУУнун Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту.

Тегерек үстөлгө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Бишкек шаардык билим берүү департаментинин, Кыргыз билим берүү академиясынын, Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин өкүлдөрү; Чүй областынын райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары; орто мектептин директорлору; Кыргыз Республикасынын эл мугалимдери жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректораты, структуралык түзүмдөрүнүн жетекчилери жана Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун жалпы педагогикалык жамааты катышты.


Тегерек үстөлдү анын модератору, КУУнун Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Искендер Исамидинов алып барды.


Иш-чаранын катышуучуларын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Борис Кубаев куттуктады.


Андан кийин тегерек үстөлдүн катышуучулары төмөндөгү баяндамаларды угушту:


  • И.Бекбоев - педагогика илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясын корреспондент-мүчөсү, Кыргыз билим берүү академиясынын Мектепке чейинки жана мектептик билим берүү борборунун директору: «Бүгүнкү күндөгү мугалимдик кесиптин коомдогу ордун калыбына келтирүүнүн маанилүү маселелери»;


  • А.Мамытов - педагогика илимдеринин доктору, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти: "Орто адистик педагогикалык билимдин заманбап багыты жана мазмуну»;


  • Р.Сулайманова - КУУнун Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директорунун биринчи орун басары: «Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунда мугалимдерди даярдоо маселесин жаңыча чечүүнүн жолдору».

 

Тегерек үстөлдө ошондой эле төмөндөгүлөр чыгып сүйлөштү:

 

  • М.Базаркулов - Кыргыз Республикасынын эл мугалими;


  • Ө.Шаршекеев - Кыргыз Республикасынын эл мугалими;


  • А.Ниязова - Бишкек шаардык билим берүү департаментинин башчысы;


  • К.Калдыбаев - физика-математика илимдеринин  доктору, профессор, Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетиндеги НИТ директору;


  • Э.Абелдиева - Панфилов районундагы №3 Кайыңды орто мектебинин директору; Д.Б.Бабаев - педагогика илимдеринин доктору, Кыргыз билим берүү академиясы жана Ч.М.Мамбеталиева - Ысык-Ата районундагы Ново-Покровка орто мектебинин директору.

 

Тегерек үстөлдүн соңунда катышуучулары талкууланган маселелер боюнча резолюция кабыл алышты.