Воскресенье, Мая 31, 2020
kg_m RU

КУУдагы соңку жаңылыктар

КФФ деканы Бакытбек Жайлообаев Чанаккаледе иш сапары менен болду

00

Кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бакытбек Жайлообаев «Мевлана» алмашуу программасы боюнча 2018-жылдын 17-ноябрынан 7-декабрына чейин Түркиянын Чанаккале шаарындагы Он сегизинчи март университетине иш сапар менен барып келди.

 

КУУнун физиктери профессор Ташмат Карашевди эскеришти

00

2018-жылдын 6-декабрь күнү физика жана электроника факультетинде профессор Ташмат Карашевди эскерүү кечеси болуп өттү. Иш чарага факультеттин окутуучу-профессордук жамааты, Ташмат агайдын үй-бүлөсү келип, өздөрүнүн ой-пикирлерин айтып эскеришти. Кеченин жүрүшүндө студенттер агайдын калемине таандык физиктердин гимнин аткарышып, анын автордук чыгармаларын көркөм окушту.

 

КУУнун окутуучусу – эрежесиз эр уруш боюнча дүйнө чемпиону!

00

2018-жылдын 22-25-ноябрь күндөрү дене тарбия жана спорт кафедрасынын окутуучусу, кармаш-уруш боюнча спорттун эл аралык чебери Кадыров Бакыт Баку шаарында болуп өткөн «Алпагут ММА» жана «Алпагут Грепплинг» боюнча дүйнөлүк мелдеште I орунга ээ болуп, спорттун аталган түрлөрү боюнча дүйнө чемпиону болду.

 

Ааламды багынткан Айтматовдун чыгармалары

00

2018-жылдын 6-декабрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында кыргыз-европа факультетинин жамааты Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган “Ааламды багынткан Айтматовдун чыгармалары” аттуу адабий-музыкалык кече өткѳрдү.

 

КУУда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата интеллектуалдык таймаш өттү

002018-жылдын 5-декабрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында улуу жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча студенттер арасында интеллектуалдык таймаш болуп өттү. Мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан уюштурулган мелдешке 1-курс студенттеринен куралган “Ак кеме”, “Ак башат”, “Кызыл жоолук жалжалым” жана “Биринчи мугалим” командалары катышты.

 

КУУда “Айтматов ааламы – кыргыз телекөрсөтүүсүндө” аттуу МТС өткөрүлдү.

0

2018-жылдын 4-декабрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында журналистика факультетинин телерадиожурналистика кафедрасы тарабынан Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына жана кыргыз телекөрсөтүүсүнүн 60 жылдыгына карата “Айтматов ааламы – кыргыз телекөрсөтүүсүндө” аттуу маданий тегерек стол өткөрүлдү.

 

КУУда ЖОЖ студенттери арасында дебаттык турнир болуп өттү

00

2018-жылдын 4-декабрында 6-окуу имаратындагы 7-дарсканада Майыптардын эл аралык күнүнө карата ЖОЖ студенттери арасында дебаттык турнир болуп өттү. Майып адамдардын коомдогу ордун жана абалын элге жеткирүү максатында математика жана информатика факультетинде түзүлгөн «Жаңы муун» дебаттык клубу тарабынан өткөрүлгөн иш чарага 12 ЖОЖдон 150дөн ашуун студенттер катышты.

 

КУУда “Ордо аянтчасы” ачылды

00

2018-жылдын 29-ноябрында башкы имараттын батыш тарабындагы бактын ичинде “Ордо аянтчасы” ачылды. Бул окуяга арналган салтанаттуу жыйындын катышуучуларын аянтчанын ачылышы менен КУУнун ректору Канат Садыков, Улуттук оюндар дирекциясынын мүдүрү Токсонбай Асанов жана Ордо федерациясынын президенти Таалай Айталиевдер куттукташты.

 

Матфак - теннис боюнча КУУнун чемпиону!

00

Факультеттер арасында өткөрүлгөн ”Ден cоолук - 2018” спартакиадасында математика жана информатика факультетинин стол тенниси боюнча кыздар курама командасы 1-орунга ээ болуп, КУУнун чемпиону аталды. Факультет жамааты өз командасын бул ийгилик менен чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы спорттук жеңиштерди каалайт.

 

КУУнун Көзөмөлчүлүк кеңешинин алгачкы отуруму болуп ѳттү

02018-жылдын 29-ноябрында КУУнун Көзөмөлчүлүк кеңешинин алгачкы отуруму болуп ѳттү. Кыргыз Республикасынын “Көзөмөлчүлүк кеңеш” тууралуу мыйзамынын 11-беренесине ылайык алгачкы жыйынды аталган органдын аксакал мүчѳсү Аманбек Жайнаков ачты.

 

Физфактын жамааты Роза Айтматова менен жолугушту

00

2018-жылдын 28-ноябрь күнү физика жана электроника факультетинин жамааты заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата эскерүү кечесин өткөрдү. Иш чарага улуу жазуучунун карындашы, ф.м.-и.к., КУУнун ардактуу профессору Роза Айтматова конок катары чакырылды.

 

Роза Айтматовага “КУУнун ардактуу профессору” наамы ыйгарылды

00

Бул тууралуу Окумуштуулар кеңешинин 2018-жылдын 27-ноябрында болуп ѳткѳн отурумунда белгилүү болду. Ушундай эле наамга Корея Республикасынын Бишкектеги билим берүү борборунун мүдүрү Мин Дже Щик мырза да татыды. КУУнун ректору Канат Садыков алып барган жыйында о.э. тѳмѳндѳгү маселелер каралды:

 

Тарыхты ар бир атуул билиши абзел

00

2018-жылдын 26-ноярында экономика факультетинде Ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата 1-курстун студенттери үчүн ачык лекция болуп өттү. Сабакты «Кыргызстан тарыхы» кафедрасынын ага окутуучусу Жалиева Бурул алып барып, 1916-жылдагы Улуттук боштондук көтөрүлүш, 1917-жылдагы Февраль жана Октябрь революциялары, о.э. атууга кеткен атуулдардын мамлекет учун кылган эмгектери жөнүндө айтып берди.

 

Ак жол сизге, Бакыт мырза!

00

2018-жылдын 23 ноябрында математика жана информатика факультетинде физкультура жана спорт кафедрасынын ага окутуучусу, ММА боюнча дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Кадыров Бакытты Баку шаарында өтө турган дүйнөлүк биринчиликке узатуу аземи болуп өттү. Факультеттин студенттери менен окутуучулары Бакыт мырзага мелдеште женишке жетишип, өлкөбүздүн туусун бийик көтөрүү тилегин билдиришти.

 

Эфир залкары Тамара Джаманбаева журфактын студенттери менен жолугушту

00

2018-жылдын 23-ноябрында башкы имараттагы кичи жыйындар залында көгүлтүр экрандын көркү болгон легендарлуу диктор Тамара Джаманбаева менен журналистика факультетинин студенттеринин жолугуштууусу болуп өттү. Эфир залкары кыргыз телекөрсөтүүсүнүн тарыхы менен тыгыз байланышкан  өмүр жолун  баяндап, бардык ийгиликтерге  талыкпаган эмгектин натыйжасында гана жетишүүгө боло тургандыгы жөнүндө сөз кылды.

 

Спорт ордосунда 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи болуп өттү ( + видео)

00

2018-жылдын 22-ноябрында Кожомкул атындагы спорт ордосунда_салтка айланып калган КУУнун 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи болуп өттү. Салтанаттуу иш-чараны окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров менен мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) ачып, Улуттук университеттин босогосун жаңыдан аттаган 1-курс студенттерине ак жол каалап, аларга символикалуу "Билим ачкычы" тапшырылды.

 

МжМБФ студенттери саясий репрессиялардын курмандыктарын эскеришти

00

2018-жылдын 21-ноябрында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин окутуучулары менен студенттери 1937-38-жылдары саясий репрессиялардын курмандыктары болгон И.Айдарбеков, Ж.Абдрахманов, А.Орозбеков, Б.Исакеев, А.Сыдыков, И.Раззаков, Т.Кулатов ж.б. эстеликтерине гүл коюшуп, кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө өз эмгектерин жана өмүрүн арнаган инсандарды эскеришти.

 

Журфакта кесиптик этика маселелери боюнча мастер-класс өткөрүлдү

0

2018-жылдын 21-ноябрында Массалык маалымат каражаттарына түшкөн арыздарды кароо боюнча комиссиянын төрагасы Шамарал Майчиев, комиссиянын мүчөлөрү Санжарбек Эралиев, Марс Тулегенов жана Асел Сооронбаева журналисттик ишмердүүлүктөгү этикалык маселелер боюнча журналистика факультетинин студенттери үчүн мастер-класс өтүштү.

 

КФФтин 4-курстары 1-курстарды тосуп алышты

00

2018-жылдын 20-ноябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында кыргыз филологиясы факультетинин 4-курстары 1-курстарды тосуп алуу кечесин  өткөрүштү. Иш чарага мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев), кафедра башчылары, кураторлор жана 1-3-курс студенттери күбө болуп кетишти.

 

Биология факультети 1-курс студенттерин катарга кабыл алды

00

2018-жылдын 19-ноябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында биология факультети 1-курс студенттерин «Катарга кабыл алуу» аземин өткөрдү. Факультет деканы Шафика Сулейманова жаңыдан КУУнун босогосун аттаган студенттерге түзүмдүн тарыхы, бүтүрүүчүлөрү жана учурдагы абалы менен тааныштыруу менен бирге өзүнүн аруу тилектерин арнап, окууларына ийгилик каалады.

 

Геофактын жамааты 1-курстарды салтанаттуу тосуп алды

00

2018-жылдын 16-ноябрь күнү география, экология жана туризм факультетинин жамааты 1-курстарды салтанаттуу түрдө тосуп алды. Факультеттин деканы Токторова Рыскүл студенттерге сынак китепчесин тапшырып, каалоо тилегин билдирди.

 

МжИТ факультетинин 1-курс студенттери "чыныгы студент" болушту

0

2018-жылдын 16-ноябрь күнү Маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультетинин 1-курс студенттерин расмий түрдө тосуп алуу аземи болду. Факультет деканы Жылдызбек Какишов, бириккен профсоюз комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков, кафедра башчылары Сабира Нуржанова жана Бактыгул Баратовалар студенттерди майрамы менен куттуктап, окууларына ийгилик каалашты.

 

Садык Алахан Казандагы эл аралык илимий конференцияга катышты

00

Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор, филология илимдеринин доктору, профессор Садык Алахан (Тиллебаев) 12-ноябрдан 16-ноябрга чейин Казань шаарында (Орусия, Татарстан) өткөрүлгөн “Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы Чыгыш менен Батыштын салттарынын контекстинде” деп аталган Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.

 

КУУнун социологдору кесиптик майрамын белгилешти

00

2018-жылдын 14-ноябрында 8-окуу имаратындагы илимий китепканада көрүнүктүү окумуштуу, философия илимдеринин доктору, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, публицист Асанбек Табалдиевич Табалдиевдин жаркын элесине жана Кыргызстандын социологдор күнүнө арналган «Социологиялык окуу» болуп өттү.

 

Страница 22 из 30

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 762 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Студент 28.02.2020 00:22
    Саламатсызбы! Мен 5курста окуймун дистанционно Летний сессияны тапшырганга доступ бербей жатышат,келип ...

    Подробнее...

     
  • Алина 02.02.2020 19:24
    Здравствуйте, я еще 13го января написала заявление о переводе на другой факультет, но приказ от ректора ...

    Подробнее...

     
  • Мээрим 01.02.2020 11:24
    Здравствуйте, говорили стипендию повышают , значит мы будем получать больше 1000?

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Merazhidin 20.02.2020 13:43
    Мурда физ матта метеорология группасы болгон. Азыр барбы?

    Подробнее...

     
  • Эрмек 14.02.2020 21:42
    Саламатсыздарбы мен Нарын мамлекеттик университетинде 1курс окуйм 2 курста которулса болобу жана ...

    Подробнее...

     
  • Asanbai 13.02.2020 11:09
    Саламатсызбы. Менин сиздерге суроом бар эле. Мен шахмат боюнча кыргызстандын биринече жолку чемпиону ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • medina 06.01.2020 15:55
    Саламатсыздарбы ? Биз журналистика факультетинин жарнама жана коомчулук менен байланыш багытынын 2019 ...

    Подробнее...

     
  • Кулпунай 01.01.2020 16:05
    Саламатсызбы 4 курсту Толук бутуп Дипломдук ишти жактабай койсо кийин келип 4 окубай Дипломдук ...

    Подробнее...

     
  • Гульнура 16.12.2019 12:26
    Здравствуйте! Я в2001г.закончил а факультет биологии я проучилась с 1995 по 2001 заочно у меня степень ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Темирлан 11.11.2019 18:11
    Саламатсызбы Мен Шакулуев Темирлан Сиздерге бир суроом бар эле мен азыркы учурда ЮУрГУда 1 курста ...

    Подробнее...

     
  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары