Воскресенье, Мая 26, 2019
kg_m RU

КУУда аймактарды өнүктүрүүнүн келечегине арналган ИПК болуп өттү

Улуттук университетте "ИнтерБилим" маалыматтык-ресуртук залы ачылды

Баласагын ТВ - Жаңылыктар

КУУда Ф.И.Франкль атындагы дарскана жана илим-изилдөө борбору ачылды

02019-жылдын 18-апрелинде Улуттук университетте Кыргызстанда физика-математика мектебинин түптөөчүсү, физика-математика илимдеринин доктору, техника илимдеринин доктору Феликс Исидорович Франклга арналган иш чаралар болуп өттү. Адегенде башкы имараттагы чоң жыйындар залында улуу окумуштууну эскерүүгө арналган илимий-практикалык конференция болуп, андан кийин 6-окуу имаратында Феликс Франклдын аты менен аталган дарскана жана илимий-изилдөө борбору ачылды.

Илимий конференцияда окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров чыгып сүйлөп, "өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт” дегендей, конференциянын негизги максаты - Феликс Исидоровичтин эмгегин эскеруу жана баалоо экендигин билдирди. Проректор о.э. Феликс Фрнаклдын кыргыз элине, Улуттук университетте илимдин өнүгүшү үчүн жасаган талыкпас эмгеги, кошкон салымы тууралуу баяндап, Хатута Бербеков атындагы Кабарда-Балкар мамлекеттик университетинин жамаатынан келген куттуктоо катты окуп берди.

Улуу окумуштуунун шакирти, ф.-м.и.д, профессор, КР инженердик академиясынын академиги, Эл аралык инженердик академиянын мүчө-корреспонденти Мукаш Абдылдаев өзүнүн окутуучусу 1951-жылы Кыргыз мамлекеттик университети ачылганда биринчилерден болуп Москвадан келгенин, кыска мөөнөттө 20дан ашуун окуучуларды даярдап, 1957-жылы Кабардино-Балкарияга кеткенин айтты.

Жыйындын жүрүшүндө Ф.И.Франкль тууралуу эскерүүлөрү менен о.э. ф.-м.и.д, профессор, Россия педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын анык мүчөсү А.И.Исманбаев, улуу окумуштуунун шакирти И.Бийбосуновдун жубайы, ф.-м.и.д, профессор, УИАнын мүчө-корреспонденти М.Ж.Исмаилова, п.и.д., профессор, УИАнын мүчө-корреспонденти Э.М.Мамбетакунов, Е.Б.Якир атындагы №61-автодук мектептин директорунун орун басары, математика мугалими, эл агартуунун мыктысы Л.С.Суржик жана КУУнун Окумуштуулар кеңешинин катчысы, доцент Г.Н. Аркабаева да бөлүштү.

Жыйындын соңунда физика жана электроника факультетинин студенттери чакан концерт көрсөтүштү. 

Илимий-практикалык конференция аяктаган соң, 6-окуу имаратында Феликс Франклдын аты менен аталган дарскана жана илимий-изилдөө борборун ачуу аземи болду.

logo yt Иш чарадан видео-репортаж (Баласагын ТВ)

05

07

09

15

19

21

23

25

27

29

31

33

35

37

39

40

41

42

43

44

46

47

48

50

51

53

54

55

69

56

57

58

59

60

82

press knu 2019 00

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 380 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:01
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, которулса болот. Ал үчүн адегенде 1-курстун контрагын төлөп, андан ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:21
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар 27-августтан 27-сентябрга чейин ишке ашырылат.

    Подробнее...

     
  • Аид 27.12.2017 00:35
    Саламатсызбы! R.knu.kg сайты иштебей жатат. Экзаменден канча баа алганымды билбей жатам. Логин парольуму ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:09
    1) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, кайра ордуна келүүгө болот, 27-сентябрга чейин. 2) Ал үчүн адегенде ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:26
    1-сентябрда эле келесиз. 1) Мүмкүн 2) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 26.01.2018 13:17
    9-бүтүп КУУнун колледждерине гана тапшыра аласыз. Факультеттерге тапшыруу үчүн аттестат керек. Эгер ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:21
    Билим тууралуу документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнө кайрыласыз. Тел.: 32-20-74, 61-45-04 Окуу ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 04.01.2018 10:34
    Маалымат алуу учун, КУУнун пландоо болуму менен байланышыныздар

    Подробнее...

     
  • aman 19.12.2017 20:13
    Физика жана электроника факультетинде 4 - курста билим алып жатам. Ююджеттик орунда. Мен контрактын ордун ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

     
  • Гулкайыр 28.03.2018 17:38
    Саламатсыздарбы !!! мен КУУ нун Чет тилдер факультетинде 3 корпуста окуйм. Биз контракт төлөйбүз ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер