2024-жылдын 26-апрелинде социалдык-гуманитардык илимдер институтунун жогорку мектептин педагогикасы кафедрасы тарабынан «Жаштар – илим чөйрөсүндө” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Жыйынды окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов ачып, СГИИнун директору Мырзабек Камчыбек уулу , жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор Г.Т.Карабалаевалар сөз сүйлөштү.

Конференция 2 секцияда жүргүзүлүп, магистранттар менен студенттердин жандуу талкуусу менен коштолду. Жыйынтыгында магистранттарга, студенттерге конференцияга катышкандыгын тастыктаган сертификаттар тапшырылып, макалалардын мазмунуна карата 1-2-3-даражадагы дипломдор ыйгарылды.

(С) Нурбекова С.Н. – жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын ага окутуучусу

Добавить комментарий