2024-жылдын 26-апрелинде башкы окуу имаратындагы чон жыйындар залында Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгына карата математика жана информатика факультетинин 1-2-курстары арасында “Сармерден” оюну болуп өттү. Салтанаттуу оюн-зоок факультет деканы И.А.Усенов менен тарбия иштери боюнча декандын орун басары Б.З.Рахманкуловдун жетекчилиги, о.э. факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын ага окутуучулары Т.Чыманова, М.Думанаевалардын демилгеси менен уюштурулду.

Кеченин жүрүшүндө өз тилин, салтын, наркын, бай мурастарын аздектеп, улуу кепти баалап, сөз баккан 1-2-курс студенттеринен түзүлгөн кыз-жигиттер өз эне тилинде улуу даанышман Жусуп Баласагындын “Кут алчу билим” дастанынан көркөм окушуп, мекенчилдик сезимди бекемдей турган обондуу ырларды аткарышып, дастан, акыйнек, макал-лакап, жаңылмач, табышмак жана улуу эпостордон үзүндүлөрдү  айтышып, өз өнөрлөрүн  тартуулашты.

Салтанатка катышкан ар бир студентке жана калыстар тобуна ыраазычылык каттары тапшырылды.

Ал эми кара кылды как жарган  калыстар тобу катышуучуладын талантын баса белгилеп, чыгармачылык ийгиликтерди каалап, жыйынтыгында 1-2-курстардан түзүлгөн кыз-жигиттерге кош байгени ыйгарып, эки топ тең чыккандыгын жарыялашты.

(С) Жакышова Айдана – матфактын 2-курс магистранты

Добавить комментарий