2024-жылдын 29-апрелинде башкы имараттын 1-кабатындагы фойеде жаштар саясаты жана спорт боюнча департамент тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”, “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыктарын ишке ашыруу максатыда “Kyrgyz Cultural Eco Fest” форуму өткөрүлдү.
Иш чараы ректор Төлөбек Абдырахманов ачып, бул этнофорум жаштардын кыргыз элинин улуттук маданиятынын тарыхына болгон кызыгуусун арттыруу жана кыргыздын мурастарын жайылтуу максатында биринчи жолу болуп жаткандыгын белгиледи.
ЖСжСД директору Алмаз Кадыр уулу иш чаранын максаты – маданий мурастарды сактоо жана кыргыз элинин каада-салттарын, үрп-адаттарын жаш муундарга көрсөтүү жана жеткирүү, о.э. айлана-чөйрөнү коргоо багытында коомдун жана жаратылыштын күч аракетин бириктирүү экендигин билдирди.
Иш чаранын жүрүшүндө enactusknu, tyndyk_ethno, chopo.art жана etno_kyrgyzs өздөрүнүн этно бренд кийимдеринин жарманкесин кылышып, “Манас” театрынын акын, ырчы, комузчу, дастанчылары чакан концерттик программа тартуулашты.
(С) Абдыбекова Айжан – тарбия жана жатаканалар иштери боюнча сектордун координатору