2023-жылдын сентябрь айында Кытай Эл Республикасынын председатели Си Цзиньпин Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдөн жакынкы 3 жыл аралыгында 3000 лагерь катышуучусун кабыл алуу жана аталган өлкөлөрдүн жаштарына 1000 гранттык орундарды берүү тууралуу айткан. 

Бул долбоор ишке аша баштады. 2024-жылдын 12-26-апрель аралыгында Ж. Баласагын атындагы КУУнун алдындагы Конфуций институту менен кызматташкан класс жана борборлордун окуучулары эки жумалык “Кытай тили- достук көпүрөсү” аталышындагы жазгы лагерге катышып кайтышты.

Ж.Баласагын атындагы КУУнун эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин студенти Токтогулова Айбийке, кыргыз-кытай институнун студенти Жакыпова Алия, КУУнун алдындагы кытай тили курсунун окуучусу Дамирова Мээрим  аталган лагерге катышты.

Класс жана борборлордун окуучу, студенттери кытай тили жана маданияты боюнча сабактардан сырткары Циндао шаарына да саякатка барышты, түрдүү музей, туристтик жерлерди да көрүштү. 

Лагерге ШКУга өкүл өлкөлөрдөн жалпы 500 катышуучу катышты. Ж.Баласын атындагы КУУнун алдындагы Конфуций институтунун мугалими Калыкова Нургүл окуучулардын куратору катары барды. Лагердин катышуучулары кытай маданияты менен таанышуу менен бирге, Индия, Пакистан, Белорусия ж.б өлкөлөрдөн дос күтүштү. 2 жумалык лагерь абдан жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучулар жаңы дем, жаңы күч менен өлкөлөрүнө кайтышты. 

(С) Калыкова Нургул – Конфуций институтунун волонтеру

Добавить комментарий