Манас Улуттук Академиясы тарабынан уюштурулган Кыргыз автаномиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана манасчылар Саякбай Каралаевдин 130, Кааба Атабековдун 100,  Сапарбек Касмамбетовдун 90,  Уркаш Мамбеталиевдин 90 жылдыгына арналган “Манас” эпосу: изилдөө жана окутуу – 2024” аттуу республикалык илимий-практикалык конференцияга кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасынын доценти Ж.Орозалиева катышты.

Конференция 2024-жылдын 22-23-25-29-апрелинде ОшМУда, Б.Осмонов атындагы ЖАМУда, БатМУда, ТалМУда болуп өттү.

Кафедранын доценти Ж.Орозалиевага терең ыраазычылык билдирүү менен чыгармачылык ийгилик каалайбыз!

(С) Э.Акунов – кафедра башчысы, доцент:

Добавить комментарий