2024-жылдын 29-апрелинде башкы имараттагы чоң жыйындар залында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен КУУнун жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти биргеликте уюштурган “Студенттик жана окуучулук өзүн-өзү башкаруунун жаштардын өнүгүүсүндөгү ролу” аталыштындагы форум болуп өттү.

Студенттер менен мектеп окуучуларынын өз алдынча башкаруусунун заманбап билим берүүдөгү ролун жогорулатуу, лидерлик сапаттарды өнүктүрүү маселелерин талкуулоо максатында өткөрүлгөн иш чарага Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттик, мектептердин окуучулук өзүн-өзү башкаруу уюмдарынын лидерлери менен активисттери катышты.

Иш чараны КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов ачып, студенттер менен окуучулар демилгелүү, жигердүү болуп, сунуш-пикрлерин айтып турса өсүү, өнүгүү болоорун белгилеп, иш чаранын уюштуруу тобуна ыраазычык билдирди.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев “Өнүгүүнүн бир жолу – алдыга так максаттарды коюп, бийик амбицияларга умтулуу”, – деп жаштарды шыктандырды.

Билим берүү жана илим министрлигинин мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Салтанат Омурканова “Шыктануу жугуштуу болушу мүмкүн, эгерде мугалим окуткан материалына ынтызар болсо, студенттер билим алууга ынтызар жана түрткү берүүнү каалашат. Биз студенттерге мүмкүн болушунча мыкты келечекти түзүүгө жардам берүү үчүн жигердүү болушубуз керек, бардыгы класстан башталат”, – деп үндөө таштады.

Жыйындын андар аркы бөлүгүндө Жогорку Кеңешинин депутаты Эльвира Сурабалдиева “Ийгилик тарыхы: менин мектептеги активдүүлүгүм карьерама кандай таасир этти”, Өспүрүмдөр жана жаштарды өнүктүрүү программасынын менеджери Нурия Каракулова “Чечим кабыл алуу процессинде жана коомду өзгөртүү процесстеринде жаштардын ролу жана катышуусу”, IDEAнын Борбордук Азиядагы аткаруучу директору Айзат Русланова “Мектеп парламенти жаштарда жарандыкты калыптандыруунун куралы катары”, Кыргызстандагы Жаштар конгрессинин төрагасы Жакшылык Бекназаров “Өзүн-өзү башкаруу уюмдары жаштардын лидерлик потенциалын көтөрүүчү аянтча” деген темаларда студенттерге жана мектеп окуучуларына баяндама жасашты.

Иш чара “Айкөл” тобунун чакан концерти менен жыйынтыкталды.

(С) Абдыбекова Айжан – тарбия жана жатаканалар иштери боюнча сектордун координатору

Добавить комментарий