География, экология жана туризм факультетинин туризм, рекреациялык география жана экология кафедрасынын 3 курс студенти Диана Амалова менен 25-28-апрель күндөрү EnactusKNU тобунун курамында Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы Жетиген лагеринде болуп өткөн “ЭкоХакатон” проектисине катышып келди.

Кыргызстандын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча проекттке жалпысынан 25 топ, 125 адам катышты. Катышуучуларга алгач лекциялар окулгандан соӊ, тапшырмалар берилип, презентациялар даярдалды. Даярдалган презентациялар бири-биринен айырмаланып, абдан кызыктуу болду. Жыйынтыгында мыкты  деген 10 проект өз максаттарын ишке ашыруу үчүн  1000 доллар акчалай сертификаттарга ээ болушту.

Диана көп кызыктуу маалымат алгандыгы тууралуу группалаштары менен бөлүштү, университеттин жана факультеттин  барып келүүгө мүмкүнчүлүк бергендигине ыраазычылык билдирди.

(С) Байсеитова М.Р. – тарбия иштери боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий