2024-жылдын 29-апрель күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда ректор Төлөбек Абдырахманов чет тилдер факультетинин жамааты менен жолугушуп, аталган факультет чет тилдер институту болуп кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу Гузиева Зухра Кадыевна 29-апрелден тартып чет тилдер факультетинин декандык кызматынан бошотулгандыгы жана чет тилдер институтунун директорунун милдетин аткаруу 2024-жылдын 29-апрелинен тартып филология илимдеринин кандидаты Уметов Кенжебай Каратаевичке жүктөлгөндүгү тууралуу буйруктар менен тааныштырды.

Аталган буйрукта о.э. Гузиева З.К. чет тилдер институтунун германистика жана маданият аралык коммуникация кафедрасынын доценти катары эмгектене берээри тууралуу айтылат.

Чет тилдер институтунун жаңыдан дайындалган жетекчиси Кенжебай Уметов ишеним көрсөткөндүгү үчүн Төлөбек Абдырахмановго рахмат айтып, өзү да ушул факультетти аяктаганын, ал кездеги роман-герман филологиясы факультети университеттеги “элитный” факультет болуп, дайыма алдыда жүргөнүн белгилеп, эми коллектив менен чогуу, ынтымакта иштеп, институттун мурдагы атак-даңкын калыбына келтирүүгө аракет кылаарын билдирди.

Таанышуу аземинен кийин, окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов менен окуу башкармалыгынын начальниги Алмазбек Кыдыралиев чет тилдер институтунун директорун 5-окуу имаратында жайгашкан кабинетине алып барып, жаңы кызмат ордуна отургузушту.

Добавить комментарий