Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаментинин Enactus КНУ командасы 2024-жылдын 25–28 – апрель күндөрү Ысык-Көл облусундагы “Жетиген” лагеринде “Enactus Кыргызстан” коомдук бирикмеси жана ЮНИСЕФ тарабынан уюштурулган “Жаштар экология үчүн” деген аталыштагы форумга катышып, мыкты оюн көрсөткөндүгү үчүн миң долларлык байгеге татыктуу болду.

Өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртуу жана жогорку окуу жайлар менен туруктуу байланышта болуп, “Эко Хакатон” программасын жайылтуу максатын көздөгөн иш чарага өлкөбүздүн бардык жогорку окуу жайларынан 125 студент катышты.

Экологиянын ар кандай багыттары боюнча чакырылган 3 эксперт студенттерди 72 саат интенсивдүү окутуп, мыкты өнүмдөр өз долбоорлорун ишке ашыруу үчүн 1000 (миң доллар) чакан гранттарды алышты,

(С) Абдыбекова Айжан – тарбия жана жатаканалар иштери боюнча сектордун координатору

Добавить комментарий