2024-жылдын 29-апрелинде ректор Төлөбек Абдырахманов Шандунь тышкы соода кесиптик колледжинин директору Дяо Цзяндун Ван мырза жетектеген делегацияны кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө эки жетекчи эл аралык электрондук коммерция жаатында кызматташуу маселелерин талкуулап, жыйынтыгында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Жолугушууга о.э. ШТСККнын транс чек аралык электрондук соода факультетинин парткомунун катчысы Ли Цзюнь, ШТСККнын эл аралык соода кафедрасынын башчысы Лю Сицюань, ШТСККнын эл аралык семинарларды өткөрүү бөлүмүнүн башчысы Ван Бахонг, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Назик Шатманова, КУУнун алдындагы Конфуций институтунун кыргыз тараптан тең директору Жылдыз Үсөнбаева; КУУнун алдындагы Конфуций институтунун кытай тараптан тең директору Чен Чжигуо, Бакыт Келдибеков – эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаменттин директору жана Бурул Назарматова – эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаменттин директоруун орун басары.

(С) Бурул Назарматова – эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаменттин директоруун орун басары

Добавить комментарий