Суббота, Марта 23, 2019
kg_m RU

КУУда факультеттер аралык “Акыл кенч” интеллектуалдык оюну өткөрүлдү

Чет өлкөлүк студенттер А.Осмоновдун ырларын окушту

00

2018-жылдын 21-майында Тилдерди үйронүү борборунда кыргыз поэзиясынын чолпон жылдызы, улуу акыныбыз Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгына арналган “Алыкулга таазим” аттуу адабий кече болуп өттү. Иш чарага аталган борбор менен эл аралык мамилелер  жана чыгыш таануу факультетинин студенттери катышты.

Адабий кечеге Тилдерди үйрөнүү борборунун кыргыз тилинин окутуучулары жана ал борбордо кыргыз жана орус тилдерин үйрөнүп жаткан чет өлкөлүк студенттер чакырылды. Кечеде Алыкулдун жүрөктү толкундаткан ыр саптары көркөм окулуп, комуз күүлөрү чертилип, Алыкулдун сөзүнө жазылган мукам ырлар жаңырып, дүйнө классиктеринин котормолорунан  сахналаштырылган үзүндүлөр чеберчилик менен аткарылды. 

Түштүк Кореядан, Америкадан, Индия, Гонконг жана Кытай Эл республикаларынан келген студенттер кыргыз тилинин өзгөчөлүктөрүн мыкты өздөштүрүү менен өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп, отургандарга жагымдуу маанай тартуулашты. Ар бир кыргыздын көкүрөгүнө сиңип калган Алыкулдун “Отуз жашын”, “Ата журтун”, “Музыкасын”, “Комузун”, “Ыссык-Көлүн”, “Ак кайыңын” башка улуттун жараны толкундануу менен аткарып жатканы мекенчил сезимдерди ойготуп, өзгөчө таасир жаратты. Кеченин соңунда кыргыз эли сүйүп ырдаган “Дасторконум” аткарылды.

Тилдерди үйрөнүү борборунун башчысы Тамара Симонович кечени уюштуруучуларына (Камчыбекова У., Жанчарбекова С,) студенттерге ыраазычылыгын билдирип, алардын аткаруу чеберчиликтерин алкоо иретинде төмөнкү оюн айтты:

- Силер азаматтарсыңар! Биздин борбордо кыргыз тилин үйрөнүү менен бирге кыргыз элинин алп акыны менен таанышып жатасыңар. Биздин жер - чыгаан инсандарга бай, кереметүү жер! Ал эми кыргыз тилинин окуутуучуларына айтаарым: кыргыз тилинин кадырын  бийиктетүүдөн талбагыла! Алдыда   дагы жасалуучу эмгектер бар, тилдин өнүгүшү  үчүн бардык  күч аракеттерди  жумшоо керек!

Бакасова С.Ш.

эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин улук окутуучусу 

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 428 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:01
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, которулса болот. Ал үчүн адегенде 1-курстун контрагын төлөп, андан ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:21
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар 27-августтан 27-сентябрга чейин ишке ашырылат.

    Подробнее...

     
  • Аид 27.12.2017 00:35
    Саламатсызбы! R.knu.kg сайты иштебей жатат. Экзаменден канча баа алганымды билбей жатам. Логин парольуму ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:09
    1) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, кайра ордуна келүүгө болот, 27-сентябрга чейин. 2) Ал үчүн адегенде ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:26
    1-сентябрда эле келесиз. 1) Мүмкүн 2) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 26.01.2018 13:17
    9-бүтүп КУУнун колледждерине гана тапшыра аласыз. Факультеттерге тапшыруу үчүн аттестат керек. Эгер ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:21
    Билим тууралуу документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнө кайрыласыз. Тел.: 32-20-74, 61-45-04 Окуу ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 04.01.2018 10:34
    Маалымат алуу учун, КУУнун пландоо болуму менен байланышыныздар

    Подробнее...

     
  • aman 19.12.2017 20:13
    Физика жана электроника факультетинде 4 - курста билим алып жатам. Ююджеттик орунда. Мен контрактын ордун ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

     
  • Гулкайыр 28.03.2018 17:38
    Саламатсыздарбы !!! мен КУУ нун Чет тилдер факультетинде 3 корпуста окуйм. Биз контракт төлөйбүз ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Башка ЖОЖдор менен мекемелердин маалымат каттары жана кулактандыруулары